КТМУнун студенти эл аралык фотосынакта жеңүүчү аталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнун студенти эл аралык фотосынакта жеңүүчү аталды



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Аида Замирбекова ЮНЕСКОнун "Жибек жолу жаштардын көзү менен" төртүнчү эл аралык фото сынагында жеңүүчү аталды.

Жыл сайын өтүүчү "Жибек жолу жаштардын көзү менен"» эл аралык фотоконкурсу дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген жаштарга Жибек Жолунун жалпы мурасы тууралуу алардын түшүнүгүн камерасынын объективинде тартууга кызыктуу мүмкүнчүлүк берет.

Сынак азыркы дүйнөдө бул маданий карым-катнаштарды жана жолугушууларды кеңейтүү, өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана Жибек Жолу менен курчалган ар түрдүү калк арасында тынчтыкты бекемдөө үчүн фотосүрөттү колдонууга үндөйт.

Сынак эки жаш категориясына бөлүнгөн: 14-17 жаштагылар жана 18-25 жаштагылар. Аида Замирбекова аталган конкурска “Дунган элинин үйлѳнүү тою” даректүү фото сүрѳт баяны менен катышып, 2-категория боюнча 1-даражадагы кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды.

Сынактын жыйынтыгы 2022-жылдын 5-октябрында жарыяланды.

"Шелковый путь глазами молодежи" "Шелковый путь глазами молодежи" "Шелковый путь глазами молодежи" "Шелковый путь глазами молодежи"

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться