Жаш түркологдордун IX эл аралык симпозиуму ѳтүп жатат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаш түркологдордун IX эл аралык симпозиуму ѳтүп жатат



21-22-сентябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Жаш түркологдордун IX эл аралык симпозиуму өтүп жатат.

Симпозиум университеттин түркология бөлүмүн негиздеген түркиялык окумуштуу Тунжер Гүленсойдун жаркын элесине арналды. Иш-чаранын ачылышына университеттин жетекчилери, Түркиянын Түрк тил уюмунун башчысы Гүрер Гүлсевин, коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, окутуучу-профессорлор жана медиа ѳкүлдѳрү катышты.

Симпозиумга бул жылы алты өлкөдөн (Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Корея, Чили, Кыргызстан) 100дөн ашуун баяндама келип түшүп, анын алтымыш сегизи кабыл алынган. 68 катышуучунун отуз беши Түркиядан, сегизи Казакстандан, экөө Кореядан, бирөө Чилиден, калгандары Кыргызстандын университеттеринен келишти.

Иш-чарада жаш түркологдор бүгүнкү күндөгү түркологиянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Түркиядан, Казакстандан келген жана жергиликтүү улуу муундагы окумуштуулар жаш окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча баалуу пикирлерин, кеп-кеңештерин айтышат.

Симпозиум эки күнгө (21-22-сентябрь) созулуп, 22-сентябрда сырттан келген коноктордун Бурана музей комплексине жана Ата-Бейит комплексине зыярат кылуусу менен аяктайт.

Бул симпозиум Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү тарабынан 2007-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келе жатат.


Загрузка плеера...


Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi Uluslararası Genç Türkologlar Sempozyumu Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться