КТМУнун жетекчилери Баткенге барып, кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган тургундардан кабар алышты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнун жетекчилери Баткенге барып, кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган тургундардан кабар алышты



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев кыйын күндѳрдѳ эл-журт менен бирге болуу максатында Баткенге барып, кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган тургундардан кабар алышты.

Окуу жайдын жетекчилери Баткен районунун Ак-Сай, Лейлек районунун Максат айылындагы мектептерде болду. Баткен мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университети Түркия Динает фонду «Ыйман» гимназиясы менен таанышып, мугалимдер жамааты менен баарлашты. Жолугушууда ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүү боюнча пикир алышты.

Ошондой эле окуу жайдын жетекчилери кагылышуу учурунда өрттөнүп кеткен мектепте шейит болгон атанын жана атасын издөөгө барганда шейит кеткен уулунун үйүнѳ барып, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты. Ошондой эле «Манас» университетинин баткендик студенти Алтынбек Турусматовдун да үйүнѳн кабар алып, «Манас» университети Баткен эли менен ар дайым бирге экендигин билдиришти.

Университеттин ректору жана биринчи проректору КТМУнун “Манас ФМ” радиосунун түз обосуна берген маегинде Баткен облусундагы жабыркаган аймактарга баргандыгын жана билим берүү мекемелеринде болуп кандай муктаждыктар бар экенин аныкташкандыктарын айтып, мекендештерибизге ар тараптуу жардам кѳрсѳтүүлѳрүн билдиришти.

Ректор и проректор КТУМ посетили Баткен Ректор и проректор КТУМ посетили Баткен Ректор и проректор КТУМ посетили Баткен Ректор и проректор КТУМ посетили Баткен Ректор и проректор КТУМ посетили Баткен

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться