Үстүбүздѳгү жылдын 12-сентябрында КТМУнун окуу иштери боюнча проректорлук кызматына коммуникация факультетинин деканынын м.а., профессор Мехмет Сезай Түрк дайындалып, жаңы ишине киришти.
Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Мехмет Сезай Түрккѳ проректор кызматына дайындалгандыгы тууралуу күбѳлүгүн тапшырышып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалашты.