Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.
III даражадагы “Манас” ордени менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Спорт илимдери факультетинин деканынын м.а., профессор Канат Жанузаков сыйланды.
Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи 2-сентябрда болуп өттү.