Дүйнѳлук университеттер арасында “Манаста” биринчи болуп, Салттуу спорт оюндарынын майданы ачылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Дүйнѳлук университеттер арасында “Манаста” биринчи болуп, Салттуу спорт оюндарынын майданы ачылды

Dünyanın ilk üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi’nde kuruldu.



2022-жылдын 15-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдогандын катышуусу менен Дүйнѳлук  университеттер арасында “Манаста” биринчи болуп, Салттуу спорт оюндарынын майданы ачылып, алгачкы «Спорттук оюндар кубогу» ѳттү.

Иш-чарага Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган,  университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфеттин Оглу Гандилов, Монголиянын элчиси Ганхуяг Содном, Афганистандын элчиси Сайед Надер Хуссейин Садат, Венгриянын элчиси Шандор Дороги, Түркменистандын элчиси Шадурди Мередов, Ибн Халдун университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ирфан Гүндүз, Ибн Халдун университетинин ректору, профессор Атилла Аркан, Пакистан жана Казакстан элчилигинин өкүлдөрү, салттуу спорт оюндарынын күйѳрмандары жана массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү катышты.

 Алгач жаңы майданда тогуз коргоол, ордо, кыргыз күрөш, салбуурун, айкур жана эр эңиш боюнча оюндар өтүп, ачылыш салтанатта жеңүүчүлөр сыйланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы гана эмес, дүйнѳлүк масштабдагы окуу жайлардын ичинен “Манас” университети биринчилерден болуп Түрк тилдүү элдердин салттуу спорт оюндарын уюштуруп, атайын ат майданын ачып жатат. Университет ата-бабалардын унутта калып бара жаткан салттуу оюндарын жандантууга кам кѳрүп келет. Ушундан улам окуу жайда Салттуу оюндар жана спорт изилдѳѳ борбору атайын институтка айландырылган. Негизги максаты салттуу оюндарды жайылтуу, элдердин түпкү тамыры, теги менен байланышын бекемдѳѳ жана  жаштардын кызыгуусун башка нукка буруу болуп саналат. Бул багытта тогуз коргоол, жаа атуу, кѳк бѳрү оюндарын ѳткѳрүү максатында кампуста биринчи жолу салттуу оюндар аянтчасы түзүлдү. Ошондой эле атайын “Манас” университетинин кѳк бѳрү командасы да түзүлгѳн.

Маданият – бул бир улуттун кан тамыры. Мен Орто Азияда өмүрүмдүн 25 жылдан көп бөлүгүн жашадым. Түрк маданиятынын элементин ар бир түрк тилдүү улуттан көрүп, күбө болдум. Кыргызстанда бул кызматка дайындалганда эки багытка өзгөчө көңүл бурдум. Биринчиси – саламаттыкты сактоого байланыштуу медициналык факультетти ачуу, экинчиси – салттуу спорт оюндарыбызды кайрадан жандандыруу жаатында иш алып баруу. Быйыл ушул эки милдеттин тең ишке ашырылышын Кудай буюруптур. Салттуу оюндар боюнча ишти аткарууда Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган чоң колдоо көрсөттү. Кудай буюрса, кийинки жылы Кыргызстанда түрк дүйнөсүнүн университеттеринин ортосунда салттуу спорт оюндары боюнча мелдештерди өткөрүүнү пландап жатабыз. Максатыбыз — Кыргызстандын туусун эң чоң бийиктиктерге көтөрүү жана өткөн доордун шаңын келечекке карай алып жүрүү. Мындайча айтканда, Кыргызстанда дүйнөдө биринчи жолу – университеттер арасында салттуу оюндар майрамы өткөрүлөт, - деди университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан.

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы үчүн Бишкек жана Кыргызстан өзгөчө орунга ээ экендигин баса белгилеген Билал Эрдоган, бул конфедерацияны түзүү идеясы алгач Кыргызстанда жаралганын айтып, “Манас” университети салттуу спорт майданын куруу боюнча долбоорду жалпыга билдиргенде абдан кубангандыгын баса белгиледи.

Урматтуу Алпаслан Жейлан мырзаны куттуктап, ыраазычылыгымды билдирем. Бул жерде бүткүл түрк дүйнөсүндөгү университеттер ортосунда мелдештер ​​өткөрүлөрүнө жана университеттердин салттуу спорттук тайпалары түзүлөрүнө ишенем. Ушул ишке салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирем. Максатыбыз - салттуу спортту чыңдоо. Бул маселе бардык өлкөлөрдө колго алынышы керек. Ошондой эле салттуу спорттун түрлөрү өлкөлөр ортосундагы мамилелерди чыңдоого да өз салымын кошот. Арийне, Кыргызстан салттуу спорт оюндары боюнча эң күчтүү өлкөлөрдүн бири. Үч жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанда өткөрүлгөндүгү муну айгинелеп турат, - деди Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын тѳрагасы Билал Эрдоган.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Салттуу спорт оюндары майданынын ачылышы менен куттуктап, ата-бабалардан бери келе жаткан бул салттуу оюндарды кайрадан жандандыруу жана ѳнүктүрүү керектигин айтты.

КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Салттуу спорт оюндарынын аянтынын курулушу Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу, улуттук оюндардын ѳнүгүшүнѳ «Манас» университетинин салымы чоң жана келечекте бул аянтта чоң-чоң мелдештер ѳтѳѳрүнѳ ишенем деди.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, “Манас каналы”, “Манас ФМ” радиосу жана социалдык тармактар аркылуу түз ободо кѳрсѳтүлдү.

 


Загрузка плеера...


Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı Dünyanın İlk Üniversite Geleneksel Sporlar Meydanı, Bilal Erdoğan Tarafından Açıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться