«Манаста» академиялык жалпы жыйын болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Манаста» академиялык жалпы жыйын болуп өттү



2022-жылдын 6-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 2021-2022-окуу жылынын бириккен академиялык жалпы жыйыны болуп өттү. Жыйынга университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана окуу жайдын академиялык жана административдик кызматкерлери катышты.

Жыйын эки өлкөнүн улуттук гимндеринин жаңырышы жана университеттин таанытуу тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталды.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыктоочу сөзүндө “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүндөгү орду жана анын ар тараптан татыктуу ийгиликтерге жетүүсүнө жалпы жамааттын, тагыраак айтканда, эки ѳлкѳнүн мамлекет башчыларынын, университеттин камкорчулар кеңешинин тѳрагасынын, “Манас үй-бүлѳсүнүн” мүчѳлѳрү болгон жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана административдик кызматкерлеринин эмгеги зор экендигин баса белгиледи. Ошондой эле чоң максаттарга жетүүдѳ акыркы мезгилде жасалган кадамдарга токтолуп, алдыда медицина факультетинин ачылышы күтүлүп турганын, Түркиянын эң мыкты жогорку окуу жайлары менен кызматташуу келишимдеринин түзүлүп жатканын жана окутуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болчу TÜBİTAK долбоорун түзүү пландалып жатканы тууралуу айтып келип, Түрк дүйнѳсүндѳ ынтымак менен биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп келе жаткан бирден бир жогорку окуу жай – бул Кыргыз-Түрк “Манас” университети деди ректор. 

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: ““Манас” университетинин орду жана билим берүүдөгү салымы Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө белгилүү. Окуу жайыбыз бир күч болуп эмгектенип, билим берүү саясатын узак убакытка эсептелген план менен түзүп, эл аралык стандарттарга шайкеш келген ыкмада өз окутуусун жүргүзүп, чоң ийгиликтерге жетишти. Университетибиздин дагы бир жакшы жагы заманбап технологиялар менен жабдылышы жана Кыргызстандын билим берүү жаатындагы алдынкы окуу жайлардан болушу. Жетишкен ийгиликтерибизди мындан ары да эл аралык деңгээлге чыгаруунун үстүндө иштешибиз керек”, - деген оюн билдирди. 

Жыйында башкы катчынын м.а., доцент Октай Өзгүл 2021-2022-окуу жылындагы аткарылган иштер жана кийинки жылга коюлган пландар, ошондой эле окуу жайдын жетекчилигинин колдоосу жана демилгеси менен акыркы жылдары университетте бир кыйла жаңылануулар, ѳзгѳрүүлѳр болгонун айтып, эки жыл ичинде алгылыктуу иштерди аткарууга жетише алгандыгы тууралуу маалымат берди. Окуу жайдагы жетишкендиктер эл аралык бир катар ЖМКларда жана кѳз карансыздык уюмдардын жарыялаган маалыматтары буга далил экенин белгилеп, университеттин ѳнүгүшүнѳ академиялык жана административдик кызматкерлердин кошкон салымы зор деди.

Жыйындын соңунда каалоо-тилектер айтылды.


Загрузка плеера...


Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı Birleşik Akademik Genel Kurul Toplantısı Yapıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться