“Тема” программасында КТМУнун туризм факультетинин окутуучусу Кымбат Асанова конокто болду.
Туризм тармагына адистерди даярдаган Кымбат Асанова менен “Туризмде каада-салттардын орду жана мааниси” темасында баарлаштык.
Анын айтымында, туризм азыр жөнөкөй “кум, деңиз жана күн” менен гана чектелбестен, туристтерди жергиликтүү калктын каада-салттары, ырым-жырымдары менен тааныштыруу менен да жаңы күч алууда:
“Мисалы, боорсок бышыруу, чач өрүү, шырдак шыруу сыяктуу салттарыбызга туристтик түздөн-түз катышат, ал эми көк бөрү сыяктуу улукттук оюндарга көрүүчү катары күбө болушат”.
Программаны толугу менен төмөндөн көрө аласыздар.