I Эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгресси уюштурулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

I Эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгресси уюштурулду



2022-жылдын 27-29-майында Карабүк университетинин (Түркия) жана Бинали Йылдырым атындагы Эрзинжан университеттеринин (Түркия) колдоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин гуманитардык факультети, педагогика бөлүмү жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан I Эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгресси уюштурулду. Конгрессте Түрк дүйнѳсүнүн билим берүү чѳйрѳсүндѳгү илимий изилдѳѳлѳр, практикалык тажрыйбалар, проблемаларды ортого коюу, талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу максат кылынган.

 Конгрессте 7 өлкөдөн (Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Россия, Беларусь) жалпысынан 28 университеттен 101 офлайн жана 36 онлайн форматта изилдөөчүлөрдүн докладдары сунушталды.

Конгресс 27-май жума күнү онлайн, 28-май ишемби күнү офлайн режиминде Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.

Конгресстин онлайн форматы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор Аскарбек Иманбаев, Карабүк университетинин ректору, профессор Рефик Полат жана Эрзинжан Бинали Йылдырым университетинин ректору, профессор Акын Левент агайларыбыздын ачылыш сөздөрү менен башталып, андан соң конгресс отурумдарына кезек берилди.

Конгресстин оффлайн форматын КТМУнун гуманитардык факультетинин деканынын м.а., профессор Ахмет Беше, КТМУнун гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн башчысы, п.и.д. профессор Акматали Алимбеков, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор Аскарбек Иманбаевдин ачылыш сөзү менен, Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде уланып, катышуучулардын баяндамалары угулду.

Конгресстин соңунда конгресстин катышуучуларына катышуу сертификаттары жана иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi Eğitim Araştırmaları Kongresi Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться