Ректор Ахлат семинарынын ардактуу коногу болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Ахлат семинарынын ардактуу коногу болду



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Битлиске караштуу Ахлат шаарында «Тарыхтын күбөлөрү» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн Ахлат семинарынын ардактуу коногу болуп катышты.

Иш-чарада ректор Кыргызстандын кооз табияты жана кыргыз элинин кең пейилдиги тууралуу кеп салып, Ахлаттын түрк тарыхындагы ордуна токтолду.

«Кылымдар бою тарыхтын сыйкырдуулугу менен таң калтырган Ахлат шаары Түркиянын тарыхында чоң бурулуш жасаган. Ал түрк тарыхында баштапкы жана маанилүү борборлордун бири болуп эсептелет. Ахлаттагы баа жеткис тарыхый табылгалар, айкелдер, мүрзѳ таштар, кѳрүстѳндѳр жана байыркы замандан калган тарыхтын эң кооз эстеликтери Хаккаридеги, Гобустандагы, Монголиядагы айкелдерден кем калышпайт, алар скиф, киммерий жана андан кийинки хун жана гөктүрк айкелдеринин уландысы. Биз түрк тарыхын бир бүтүн катары карап окушубуз керек», -деди ректор.

Иш-чарада Ахлат шаарынын мэри Абдулалим Мүмтаз Чобан Ахлат- бул түрктөр үчүн Анадолунун эшигин ачкан шаар экендигин эскерди. Ал эми Ахлат районунун губернатору Фикрет Даг 2022-жылдын 21-майында Элдик билим берүү борборунун башкармалыгында башталган долбоордун негизинде 150гө жакын мүрзө таштары калыбына келтиргендигин белгиледи. Ошондой эле Битлис губернатору Октай Чагатай президент Режеп Тайип Эрдогандын колдоосу менен жүргүзүлгѳн долбоорлордун алкагында Ахлат бүтүндѳй Түркия жана дүйнѳгѳ таанылып жатканы тууралуу айтты.

Аталган семинар Европа биримдиги, Маданият жана туризм министрлиги, Ахлат районунун губернаторлугу, Казыналык жана каржы министрлигинин Борбордук каржы жана контракттар бөлүмү, “ADER” Ахлат табигый жана маданий мурастарды сактап калуу бирикмеси, Ван жүзүнчү жыл университети, Ахлат музейи жана “Smart Association” бирикмесинин колдоосу менен ѳтүп, эки күнгө созулду.

Rektör Ceylan, Ahlat Çalıştayı’nda Şeref Konuğu Olarak Konuşma Yaptı Rektör Ceylan, Ahlat Çalıştayı’nda Şeref Konuğu Olarak Konuşma Yaptı Rektör Ceylan, Ahlat Çalıştayı’nda Şeref Konuğu Olarak Konuşma Yaptı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться