Tүркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүүдө » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Tүркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтүүдө



Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өткөрүлүүдө. Түрк ашканасынын өзгөчөлүктөрү, оригиналдуулугу, креавтивдүүлүгү, ден-соолукка пайдасы, туруктуулугу жана калдыксыз экендигин көрсөтүү, танытууну көздөгөн гастрономиялык жумалык 21-майда башталган. Иш-чара бир жума, тактап айтканда 27-майга чейин уланат. Аталган жумалыкта белгилүү ашпоздор менюлары менен тааныштырып, өз колу менен тамактарын жасап берип, келгендерге даам сыздырат.

Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы белгиленүүдө. Даамдуу тамактарды таанытуу боюнча дүйнөлүк борбор түрк ашканасынын өзгөчөлүктөрүн көрсөткөн жумалык өткөрүүдө. Аталган иш-чарада түрк ашканасынын оригиналдуулугу, уникалдуу өзгөчөлүктөрү көрсөтүлүүдө.

Жумалыкта дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторго түркиялык тажрыйбалуу ашпозчулар өз колдору мененжасаган тамактарынан даам сыздырылат. Ошондой эле ашпоздор тамак жасоо ыкмаларын, алардын ден-соолукка пайдасы тууралуу кеңири айтып беришет.  Иш-чара үчүн атайын менюлар жасалган. Кылымдык тарыхы бар, маданий мурасты чагылдырган тамак-аштар даярдалып, ири ресторондарда конокторго тартууланат.

Анатолий тарыхынан бери түптөлүп, салттуу рецептери менен белгилүү түрк ашканасы бүгүнкү күндө ашкана тендецияларынын баарына толук жооп берип, дүйнөлүк ашканадан өз ордун тапты десек болот. Түрк рецептери кандай продукция болбосун калдыксыз колдонот. Муну менен экологиялык тазалыгы, туруктуу даамы да сакталат. Сыйлыкка татыган ашканалардын менюларынан вегетариандар да тамак-аштын түрүн таба алышат. Анткени түрк ашканасы жогорку сапаттагы зайтун майы менен бышырылган, чөп-чардан жасалган тамактары менен да белгилүү.

 

turkishcuisinweek.com-ТҮРК АШКАНАСЫНА ОНЛАЙН ЖОЛ

Түркия түрк ашканасын дүйнөгө таанытуу үчүн атайын онлайн гид turkishcuisineeeek.com сайтын иштеп чыкты. Гастрономиялык онлайн платформага оригиналдуу рецептер, мыкты ашпоздор жана алардын тамак жасаган видеолору, академик жана диетологдордун кеп-кеңештеринен турган макалалар жүктөлгөн. Turkishcuisinweek.comтүрк жана англис тилдеринде иш алып барат. Аталган сайтка бүгүнкү күнгө чейин да бир топ маданий, куланириялык маалыматтар жарыяланып, кеңири аудиторияга түрк ашканасын таанытып келе жатат. 

ТҮРКИЯ МУРАСЫ: КЫЛЫМДЫК ТАРЫХКА ЭЭ ТҮРК АШКАНАСЫ

Таң эрте көчө-көйдө, жол жээктеринде жана ресторондарда гастрономиялык тажрыйба калтырган түрк ашканасы бир салтуулукту сактоо г менен гана чектелбей, келечекке да чоң маданий мурас, байлык калтырууда.

Бул мол-көлчүлүк жана токчулук  “Кылымдык тарыхка ээ түрк ашканасы” китебинде да толук чагылдырылган. Аталган кол китепте түрк ашканасынын пайдасы, бышыруу, тамак жасоо жолдору, ыкмалары жана туруктуу аспектилери менен өзгөчө элементтери жазылган.

ЮНЕСКОГО КИРГЕН ТҮРК АШКАНАЛАРЫ

Миңдеген жылдардан бери түрдүү цивилизациялардын ордосу болуп келаткан Түркиянын Газиантеп, Хатай жана Афёнкарахисар шаарлары гастрономия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча мекемесинин (ЮНEСКО) Креативдүү шаарлар бирикмесине (Creative Cities Network) киргизилген.

Түркиянын өзгөчө даамдуу тамак-аштары менен дүйнөгө белгилүү Газиантеп, Хатай жана Афёнкарахисар ашканаларынын кылымдык тарыхы бар.

Убагында цивилизациянын очогу, ордосу болгон Түркияда тамак-аш маданияты тарых менен кыйла жуурулушуп турат. Айрыкча түрк элинин жоогазын сымал cтакандан ысык-чай ичүү маданияты бүт дүйнөгө белгилүү.  

Ошондой эле Түркия шараптын да мекени. Таза шарап өндүрүү боюнча дүйнөгө атагы чыккан Урла шаары жыл сайын конокторго алты миң жылдык тарыхы бар жүзүмдөн жасалган шараптарын тартуулап келет.

Муну менен катар Түркиянын Стамбул шаары ашкана маданияты менен белгилүү калаалардын бири болуп саналат. Стамбул жакында эле Michelin дүйнөнүн эң алдыңкы ресторондар уюмунун рейтингинде 38 орунду ээледи.

Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни Tурция будет продвигать кулинарное наследие в рамках недели турецкой кухни

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться