Биология боюнча эл аралык конгресс уюштурулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Биология боюнча эл аралык конгресс уюштурулду



Үстүбүздѳгү жылдын 19-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде II Эл аралык биология конгресси болуп өттү.

Конгресске Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсык тобокелдиктерин азайтуу боюнча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Лира Колдубаева, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Молекулярдык биология жана медицина илим изилдөө институтунун директору, профессор Кайнагүл Исакова, Түркиянын химия ассоциациясынын президенти жана Мармара университетинин искусство жана илимдер факультетинин профессору Бахаттин Ялчын, Эржиес университетинин ветеринардык факультетинин профессору Латифе Чакыр Байрам, Йылдыз техникалык университетинин химия-металлургия факультетинин профессору Фатих Төрнук жана Искусство жана илимдер факультетинин окутуучусу, доцент Севги Маракли жана Тажикстандын Хорог Борбордук Азия университетинин окутуучусу  атайын чакырылган баяндамачы катары Нурлан Төрөкелдиев катышты.

Иш-чара Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ачылышда ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, ОшМУнун проректору, профессор Тасилкан Жумабаева жана табигый илимдер факультетинин декандын м.а., профессор Гүлбүбү Курманбекова сѳз сүйлөдү.

Аталган конгресске 18 мамлекеттен илимпоз-окумуштуулар катышып, жалпысынан 170 баяндама кабыл алынган.

Конгресс заманбап биологиялык изилдөөлөрдү колдонууга, учурдагы натыйжаларды сыноого, натыйжаларды илимий коомчулуктун назарына жеткирүүгө, заманбап биологиянын глобалдуу маселелерин талкуулоого жана эл аралык кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.


Загрузка плеера...


Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi Uluslararası Biyoloji Kongresi Düzenlendi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться