Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы башталды



Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Бишкекте салттуу музыка жумалыгы жана IX эл аралык музыка жана бий конгрессинин ачылыш аземи болду. Жумалыктын башталашы салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жөө жүрүшү менен башталды.

Маданий жана илимий бөлүктөрдөн турган иш-чараны министрлик “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте уюштурууда.

Иш-чаранын ачылышына университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан маданият министри А.Жаманкуловдун чакыруусу менен барып катышты. Иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүлүшүнѳ Кыргыз-Түрк “Манас” университети да колдоо кѳрсѳтүүдѳ.

Иш-чара 20-25-апрель күндөрү 5 күнгѳ созулуп, анын алкагында “Күү күнү”, “Ыр күнү”, “Дастан күндөрү” өтүп, ар бир бөлүк мастер-класс менен коштолот. Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында “Коркут-Ата” спектакли көрсөтүлүп, салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу боюнча талкуулар, музыкалык окуу жайлардын отчеттук концерти жана “Улут наркы” көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз улуттук “Манас” театрынын манасчы, дастанчы, акындарынын концерти болот.

Иш-чаранын расмий бөлүгү 25-апрель күнү “Салттуу музыка күнүнө” карата гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Салттуу музыка жумалыгына Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышат. Ал эми, Венгрия, Италия, Улуу Британия, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий багытта өтө турган конгресске онлайн форматта катышуусу күтүлүүдө.

Бардык иш-чараларга кирүү акысыз.

Программа боюнча тѳмѳнкү шилтемеден таанышсаныз болот:

http://kg.kabar.kg/news/kir-akysyz-besh-k-ng-sozulgan-salttuu-muzyka-zhumalygynyn-programmasy/


Загрузка плеера...


Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek Bakanlık Kongresine Manas’tan Destek

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться