Ачык асман алдында ооз ачуу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ачык асман алдында ооз ачуу

Ооз ачууга 1500 киши чакырылып, маданий программа тартууланды



Үстүбүздѳгү жылдын 15-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университети Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Ч.Айтматов атындагы кампуста Ыйык Орозо айына карата “Ачык асман алдында ооз ачуу” кечесин уюштурду.

Бул саамалык Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде алгачкы ирет ѳткѳрүлдү.

Кечеге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинен ѳкүлдѳр, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлдѳрү, КР ЖК депуттары, министрликтердин өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, маданий жана коомдук ишмерлер, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү чакырылып, жалпысынан 1500 кишиге ооз ачуу тамагы даярдалып, маданий программа тартууланды.

“Ыйык орозо айы биримдиктин жана ынтымактын символу. Ачык асман алдында бирге ооз ачуу саамалыгы - өз ара диалог куруу, бири-бирин таануу, достук жана бир туугандык атмосферасында өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот. Дагы бир жагынан жаштарды социалдык активдүүлүккө үндөп, алардын өз ара бири-бири менен таанышып, достошуусуна мыкты шарт болду. Мындай иш-чараны кийинки жылы да ѳткѳрүүнү улантабыз. Орозо айы баарыбызга бакыт-таалай, элибизге ынтымак жана тынчтык алып келсин!”, - деди университеттин жетекчилери.

Ооз ачарга келген студенттер жана коноктор жакшы маанай, жылуу мамиле үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чара “Медиа Манас” борборунун түз эфиринде кѳрсѳтүлдү.


Загрузка плеера...


Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу Ачык асман алдында ооз ачуу

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться