ОшМУда практикалык сабактар өтүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ОшМУда практикалык сабактар өтүлдү



Үстүбүздѳгү жылдын 31-мартында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ветеринардык факультетинин окутуучулары ОшМУда практикалык сабактар ѳтүп келишти.

Практикалык сабактар табигый илимдер жана география факультети, айыл чарба кафедрасы (ветеринария бѳлүмү) менен КТМУнун ортосундагы кызматташуу келишиминин алкагында берилди жана ал КТМУнун коомго пайда келтирүү ишмердүүлүгүнүн алкагында ветеринария жана биотехнология кафедрасынын кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган.

Катышуучуларга профессор Абузер Таш жана профессор Али Ришван тарабынан «Заманбап аппараттарды ветеринарияда колдонуу» темасы кеңири түшүндүрүлүп, иш жүзүндө колдонулду.

Теориялык окуудан кийин 4 операция жасалды. Иштин жүрүшүндө котормочулук жана операцияда ассистенттик кызматты Айдай Жунушова жана ветеринар Айтурган Дүйшөбаева аткарды.

Oş Devlet Üniversitesi’nde Uygulamalı Eğitim Oş Devlet Üniversitesi’nde Uygulamalı Eğitim Oş Devlet Üniversitesi’nde Uygulamalı Eğitim Oş Devlet Üniversitesi’nde Uygulamalı Eğitim

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться