Байгелүү сыйлыктарга ээ болгон «Шамбала» фильминин бет ачары » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Байгелүү сыйлыктарга ээ болгон «Шамбала» фильминин бет ачары

Artıkpay Süyündükov'un başarılı filmi Şambala'nın gösterimi Manas'ta yapıldı.



Үстүбүздѳгү жылдын 30-мартында университеттин «Маданият» борборунда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, коммуникация факультетинин ага окутуучусу Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын бет ачар аземи болду.

«Шамбала» тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде 2020-жылы тартылган. Ошол эле жылы Шанхай эл аралык кинофестивалында тасманын дүйнөлүк премьерасы болгон.

Кыргызда "шам" - "жарык" дегенди билдирет. "Шамбаланын" түзмө-түз мааниси "шам" - " бала" же "жарык чачкан бала" деген маанини туюндурат.

Бет ачарга университеттин жетекчилери, жазуучу Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова, КТРКнын башкы директору К.Иманалиев, Түркиянын радио жана телеберүү мекемесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Огуз Гөксу, ошондой эле белгилүү окумуштуулар, кѳрүнүктүү коомдук жана маданият ишмерлери, журналисттер, студенттер жана чыгармачыл топ катышты.

Иш-чара «Шамбала» кѳркѳм тасмасынын таанытуу жана Артыкпай Сүйүндүков тасманы тартууга Чыңгыз Айтматовдон уруксаат алып, жазуучу батасын бергенин билдирген тасманын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.

Анда «Бул тасманы тартуу үчүн Айтматов агабыздын көзү тирүү кезинде уруксаатын алып, аны менен талкуулап, сүйлөшкөнбүз. Ошондо тасманы башкача көз караш менен тартаарымды түшүндүргөм. Тасманы тартууга жазуучу батасын берген», - деп билдирди Сүйүндүков.

Куттуктоо сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тасманын режиссеру менен сыймыктанаарын билдирди: «Артыкпай Сүйүндүков окуу жайыбызды, Кыргызстанды жана Түрк дүйнөсүн дүйнөлүк абройлуу кинофестивалдарда ийгиликтүү көрсөтүп, байгелүү сыйлыктарга ээ болду. Сиздей таланттуу адам менен жалпы “Манас” университети жана бүтүндѳй Түрк дүйнѳсү сыймыктанат. Биз сизди баалайбыз жана чыгармачылыгыңызды ар дайым колдойбуз”.

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Артыкпай Сүйүндүков эл аралык кинофестивалдарда Кыргызстандын атынан эң мыкты деңгээлде катышып жатканын жана бир мекемеде иштеп, замандаш болгонуна сыймыктанаарын айтып, ишине ийгилик каалады.

Куттуктоо сѳздѳрүнѳ кийин режиссердун телекоммуникация жана кино жаатындагы ийгиликтери белгиленип, университеттин жетекчилери КТМУнун 25 жылдык юбилейлик медалын тапшырды. Ошондой эле КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев фильм аркылуу кыргыз эли дүйнөгө таанылып жатканын баса белгилеп, тасманын режиссеру Артыкпай Суйүндүковду “КТРКнын отличниги” тѳш белгиси менен сыйлады.

Фильм алган сыйлыктар жана номинациялар:

  1. Россиянын кинематография искусствосунун НИКА академиясынын КМШ, Балтия жана Грузия ѳлкѳлѳрү боюнча категороиясы “МЫКТЫ ТАСМА” сыйлыгы – режиссер Артыкпай Сүйүндүков
  2. Шанхай Эл аралык кинофестивалынын “ПАНОРАМА” программасы “КАТЫШУУЧУ”
  3. Калькута (Индия) Эл аралык кинофестивалы “МЫКТЫ РЕЖИССЕР” сыйлыгы – режиссер Артыкпай Сүйүндүков
  4. КМШ жана Балтия ѳлкѳлѳрүнүн XXIX КИНОШОК ачык кинофестивалы “МЫКТЫ АКТЕР” – Артур Аманалиев
  5. “МЫКТЫ КОМПОЗИТОР” – Мурзали Жеенбаев
  6. IMAGINEINDIA (Испания) Эл аралык кинофестивалы “МЫКТЫ ОПЕРАТОР” – Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев
  7. Азия ѳлкѳлѳрүнүн (Лос Анджелес) Дүйнѳлүк кинофестивалы (AWFF) “МЫКТЫ РЕЖИССЕР” – режиссер Артыкпай Сүйүндүков “Кѳрүүчүлѳрдүн кѳңүлүнѳ татыган фильм”
  8. Түрк дүйнѳсүнүн “КОРКУТ АТА” Эл аралык кинофестивалы “МЫКТЫ РЕЖИССЕР” – режиссер Артыкпай Сүйүндүков
  9. “БУДЕМ ЖИТЬ” Эл аралык Москва кинофестивалы “МЫКТЫ ОПЕРАТОР” жана “КИНОФЕСТИВАЛДЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН СЫЙЛЫГЫ” – Акжол Бекболотов жанаи Мурат Алиев
  10. Moving (Иран) Эл аралык кинофестивалы. “МЫКТЫ ОПЕРАТОР” – Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев “МЫКТЫ КОМПОЗИТОР” Мурзали Жеенбаев, “МЫКТЫ ҮН РЕЖИССЕРУ” – Бакыт Ниязалиев жана Калыбек Шерниязов, “МЫКТЫ МОНТАЖ” – Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов, Эльдияр Мадаким, “МЫКТЫ ГРИМ” – Айгүл Кыдыралиева, “МЫКТЫ КОСТЮМ” – Айгүл Кыдыралиева, “МЫКТЫ VFX” – Элдияр Макадим, Изат Абдраимов.
  11. New Creators Кино сыйлыгы (Франция), “Эң мыкты Драмалык фильм”
  12. Rain Жаратылыш жѳнүндѳ Эл аралык кинофестивалы (ИНдия), “Эң мыкты фильм”
  13. Мындан тышкары Кыргызстандын Оскаркомитети тарабынан “Шамбала” тасмасы Оскар сыйлыгына талапкер болгон

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин коноктор үчүн “Шамбала” тасмасы кѳрсѳтүлдү.


Загрузка плеера...


Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı Bol Ödüllü “Şambala” Filminin Galası Yapıldı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться