Жаңы маалымат технологиялары жана медиа » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаңы маалымат технологиялары жана медиа

Medyanın ustaları, öğrencilere, yeni teknolojilerle yayıncılığı anlattı.



Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Кыргыз-Турк “Манас” университетинин коммуникация факультетинде “Жаңы маалымат технологиялары жана медиа” аталышында эл аралык жыйын болуп өттү.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, коммуникация факультетинин деканынын м.а, профессор Мехмет Сезаи Түрк, университеттин окутуучулары, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты.

Коммуникация факультетинин деканынын м.а. Мехмет Сезаи Түрк иш-чаранын мааниси тууралуу буларга токтолду: “Убакыттын, технологиянын өнүгүшү менен жаңы түшүнүктөр ортого чыгууда. Жыйынды Кыргызстан жана Түркиянын кѳрүнүнктүү медиа ѳкүлдѳрүн бир жерге топтоп, медиа тармагында билим алып жаткан студенттерге жаңы маалымат технологиялары жана медиа тууралуу маалымат берели деген максатта уюштурдук. Жаңы медиа салттуу медиага салыштырмалуу таасири абдан күчтүү. Келечекте салттуу медиа артта калып, интернет жана чөнтөк телефон аркылуу маалымат алмашуу биринчи орунга чыгууда. Келечекте ал өсүүнүн үстүндө болот”.

Жыйын эки бөлүктөн туруп, биринчи онлайн форматында КТРКнын башкы директорунун телеберүүлөр боюнча орун басары Уланбек Сатиев “Кыргыз ТВ жана радиоберүүлөрүндө жаңы маалымат технологиялары”,  Түркия  радио жана телеберүү мекемесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү, доцент Огуз Гөксу “Санариптештирүү жана коомдук дипломатия”, Түркия  радио жана телеберүү мекемесинин кабар координаторунун орун басары Зихни Огуз Акын “Коомдук телеберүүдөгү журналистика”, “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы директору Акжол Бекболотов “Жаңы технологиялар жана кино” темаларынын алкагында маалымат менен бөлүшүп, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү блогер Айканыш Ибрагимова “Блогдун тарыхы жана өнүгүшү”, Анкара ажы Байрам Вели университетинин окутуучусу, доктор Конур Алп Коз “Жарандык журналистика” туурасында маалымат бериши менен суроо-жооп форматында улантылды.

Мындан тышкары жыйынга Түркия Республикасынын Коммуникация башкармалыгынын адиси Зейнеп Зелан, “Анадолу” маалымат агенттигинин Азия жана Кавказ аймагынын башчысы Толга Өзенч, АТV  техникалык маселелер боюнча директору Харун Урганжы онлайн форматта катышты.


Загрузка плеера...


Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu Türkiye’nin ve Kırgızistan’ın Usta Medyacıları Manas’ta Buluştu

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться