Ректор Улуттук тарых музейине барды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Улуттук тарых музейине барды



2022-жылдын 26-мартында университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун чакыруусу менен Бишкектеги Улуттук тарых музейине барды.

Ректор Улуттук тарых музейи менен кеңири таанышып, министрдин ишине ийгилик каалады жана Кыргызстандын ѳнүгүшүнѳ салым кошууга даяр экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоого 15 млн доллар каржыланган. Музей ремонт иштеринен кийин 2021-жылдын 19-ноябрында ачылган. 

Улуттук тарых музейи дээрлик 70 пайыз жаңыланып, жаңы экспонаттар жана заманбап мултимедиалык жабдуулар менен толукталган. Анда байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлган. Музейдеги байыркы палеолит доорунан берки жалпы экспонаттардын саны 100 миңге чамалайт.


Загрузка плеера...


Rektör Ceylan İle Bakan Camankulov Müzede Buluştu Rektör Ceylan İle Bakan Camankulov Müzede Buluştu Rektör Ceylan İle Bakan Camankulov Müzede Buluştu

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться