“Манаста” Нооруз ѳзгѳчѳ шаң менен белгиленди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манаста” Нооруз ѳзгѳчѳ шаң менен белгиленди



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Нооруз майрамы ѳзгѳчѳ шаң-салтанат менен белгиленди. Окуу жайдын «Маданият» борборунда майрамдык концерт уюштурулуп, оюн-зооктор көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде Умай эненин алас айтуу, Баба дыйкан жер айдап, үрѳн сээп, келечектин камын кѳрүшү жана кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаттары чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр менен башталды. Ошондой эле майрамдык иш-чаранын алкагында сүрѳт көргөзмө, футбол турниринин сыйлык тапшыруу аземи уюштурулуп, улуттук кол күрөш, балбан күрөш, тогуз коргоол, аркан тартыш, таяк тартыш сыяктуу спорт оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мындан тышкары университете боз үй тигилип, алтын-бакан (селкинчек) орнотулду.

Иш-чарага университеттин жетекчилиги, Түркиянын Кыргызстандагы жана Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле университеттин жалпы жамааты, студенттер, коноктор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Сатанаттуу иш-чаранын расмий ачылышында университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев кыргыз элин жана универстеттин жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен куттуктап, элибизге тынчтык, жерибизге молчулук жана береке каалады. «Нооруздун мааниси урпактан-урпакка өтүп, ал Орто Азиянын эле эмес, бүтүндѳй Түрк дүйнөсүнө жайылган чыныгы элдик майрамга айланды. Өткөн жылдагы баарыбызга белгилүү болгондой, Covid-19 пандемия кырдаалын башыбыздан өткөрдүк. Бирок, кыйынчылыктарга туруштук берип, ишибизди уладык. Бүгүнкү күнү баарыбыз аман-эсен Ноорузду бирге майрамдап жатабыз. Кудай ошондой оор кырдаалдарды жеңип чыкканга күч-кубат, иштерибизге ийгилик берсин. Дыйкан бабабыз сепкен үрөн мол түшүм берип, жылыбыз токчулуктун, тынчтыктын жана өнүгүп-өсүүнүн жылы болсун», -деп, 2022-жылга карата Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде пландаштырылган жаңы долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылат деген ишенимин билдирди.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын бардык катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктап, Түрк дүйнѳсүнѳ биримдик жана ынтымак каалады. «Нооруз биз үчүн жаздын келишин гана сүйүнчүлѳбѳйт. Нооруз Орхон тарыхыбызды жана темир ээритип, Эргенекондон чыккан күнүбүздү эске салат. Ошондой эле түрк элдеринин он жарым миллион километр мейкиндикке жайылганын эске салат. Биз биримдикте болсок, күчтүү болсок, жигердүү болсок, кѳп ийгиликтерге бирге күбѳ болобуз. Алдыда мындан да жогорку денгээлде иш жүргүзүүнүн үстүндѳ иштеп жатабыз. Билим берүү мекемеси катары биздин максат жаштарга татыктуу билим жана тарбия берүү болуп саналат. Андыктан, тилде, пикирде, иште бирге бололу”, -деди ректор.

Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном ѳз сөзүндө күн менен түндүн тогошкон күнү - Нооруз жан дүйнөнүн тазалыгы жана аруулануунун майрамы экенин белгилеп, «Манас» университетинин жалпы жамаатына бакыт, ийгилик, тынчтык каалады.

Газиантеп шаарынын мэринин башкы кеӊешчиси Мехмет Берк Газиантеп шаарынын мэри Фатма Шахиндин саламын жана куттуктоосун айтып, түрк элдеринин достугу жана биримдиги бекем болсун деген тилегин билдирди.

Майрамдык салтанаттан соӊ, келген конокторго атайын сый-тамак уюштурулду.

Белгилей кетсек, программанын сценарийин Кыргыз Эл артисти, Кѳчмѳндѳрдүн III дүйнѳлүк оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максүтов түздү. Иш-чара «Манас каналы» жана «Манас ФМ» радиосунан түз берилди.


Загрузка плеера...


Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması Manas’ta Birbirinden Coşkulu Etkinliklerle Nevruz Kutlaması

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться