Чанаккале шейиттери эскерилди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чанаккале шейиттери эскерилди



Бүгүн, 18-мартта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркия Республикасынын Чанаккале жеңишинин 107 жылдыгына карата  Чанаккале шейиттерин эскерүү иш-чарасы болуп ѳттү. 

Иш-чара Чанаккале согушунун курман болгондоруна арналып 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин ойнотулушу менен ачылды. Андан соң Түркия Республикасынын Президенттик Аппаратынын Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган Чанаккале жеңиши тууралуу тасма тартууланды.

Эскерүү иш-чарасына окуу жайдын жетекчилиги, ТРнын Кыргызстандагы элчилигинин жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлдөрү, университеттин жалпы жамааты жана студенттер катышты.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев дүйнөлүк тарыхта маанилүү орунду ээлеген Чанаккале жеңишинин маанисине токтолушуп, түрк улутунун жана мекен жеринин эгемендиги үчүн курман болгон шейиттерибизге таазим этебиз, аларды урмат-сый жана ыраазычылык менен эскеребиз деди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов Түркиянын улуттук гимнинин автору Мехмет Акиф Эрсойдун "Сафахат" чыгармасынан, кыргызчага которгон “Чанаккале Шейиттерине” аттуу ырын көркөм окуду. Ошондой эле кѳркѳм ѳнѳр факультетинин студенттери “Чанаккале - батпаган күн” аттуу драмалык көрсөтүүлөрдү аткарышты.

Иш-чаранын соңунда университеттин ашканасында түшкү тамакта Чанаккале согушу учурунда аскер тамагы болгон​ буудай шорпосу, компот жана нандан турган Чанаккале тамагы тартууланды.​

Эскерте кетсек, Чанаккале согушу Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин анда жеңүүчү катары чыккан өлкөлөр Осмондук империя жайгашкан кең жерге кызыгып аны басып алууну көздөшөт. Ошол максатта 3-ноябрь, 1915-жылы Франция жана Англиянын деңиз флоту Чанаккале кысыгын камтыган регионго кол салышкан. Бул согуш 18-март, 1915-жылында душмандык аскерлердин чоң жоготуусу менен мизи кайтарылган. Натыйжада 300 миңден ашык Осмондук империянын аскерлери шейит болушкан.

Чанаккаледеги Гелиболу жарым аралындагы согуш кургакта да, деңизде да болгон. Деңиз согуштары 1915-жылдын 19-февралынан 18-мартына чейин уланган. Жер кагылышуусу 1915-жылдын 25-апрелинен 1916-жылдын 9-январына чейин созулган. Бул согуш түрк тарыхындагы эң кандуу салгылашуулардын бири болуп эсептелет.


Загрузка плеера...


Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor Çanakkale Ruhu, Manas’ta Yaşatılıyor

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться