КТМУ Ветеринария факультетинин ага окутуучусу Проф.Докт. Руслан Салыков "ТЕМА" программабыздын коногу болду. Көрсөтүүнүн жүрүшүндө ата-бабаларыбыздан калган ветеринариядагы салттуу билимден кеп козголду.
Ветеринариядагы салттуу билим эмне экенин, анын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугун, бабаларыбыздан калган мал багуунун салттуу ыкмалары кайсылар экенин, мал ооруп калган учурда кандай табийгый шарттар менен айыктырууга болорун, чет өлкөлүк ветеринарлар биздин элдик ыкмаларга канчалык деңгээлде кызыгышаарын, мурункулар жайыттарды кандай пайдаланып келишкенин, жайыттарды жакшыртуунун элдик ыкмаларын айтып берди.
МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев