ЧЕТ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ЧЕТ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ

"ТЕМА" телепрограммасынын коногу КТМУнун Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Салия Вайсканова болду. "Канча тил билсең - ошончо адамсың деп айтылмакчы ар бир чет тили бизге жаңы дүйнөнү ачат, жаңы кадамдарга багыттайт, интеллектуалдык баалуулуктарда тартуулайт"- деп кеп баштады студиянын коногу. 



            Көрсөтүүнүн жүрүшүндө негизинен Салия Вайсканова тил үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн, чет тилинин биз үчүн ачкан жаңы мүмкүнчүлүктөрүн, тил үйрөнүү аркылуу табылгыс казынага эгедер болорубузду, ошол эле учурда эркибизди сынай турганыбызды белгиледи. 

            Тил үйрөнүүдө:

- калоо

- убакыт

- сабыр

- максат

- күн сайын жаңы сөз жаттоо

- мээдеги тоскоолдуктарды жоюу баарынан маанилүү деп айткан англис тил мугалими студенттер же окуучулар болобу балдарды окутууда жаңы усул-ыкмаларга кайрылуу керектигин, жуптарга бөлүп тапшырма берүү, атайы тасмаларды көрсөтүп, алардын ичиндеги сөздөр менен иштөө, топ-топ кылып жарыштыруу аркылуу бийик натыйжага жете алаарыбызды түшүндүрүп айтты. 

 

             МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


ЧЕТ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ ЧЕТ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮ

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться