Университет жетекчилери саламаттык сактоо министри менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университет жетекчилери саламаттык сактоо министри менен жолугушту



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, професор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолукту.

Жолугушууда КТМУнун жетекчилери министр менен университетте жакында ачыла турган медицина факультети тууралуу сүйлөшүштү.

Министр А.Бейшеналиев ѳз сѳзүндѳ Кыргызстанда 24 медицина факультетинин 17си жабыларын, бирок Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин медицина факультетинин ачылышын кубануу менен күтүп жатканын айтты. Ошондой эле министр “Манас” университетинин медицина факультети Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошоорун айтып, Түркиянын медицина тармагындагы бай тажрыйбасынын алгылыктуу жактарын алышыбыз керек деп кошумчалады.

Университеттин ректору Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев медицина факультетинин ачылышына көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн министр А.Бейшеналиевге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, КТМУнун Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борбору жана COVID-19 вирусун аныктоочу (ПЦР) лабораториясы 2021-жылдын 10-мартында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин колдоосу менен ачылып, ишке киргизилген.

Sağlık Bakanı İle Buluşma

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться