“Тема” программасы эфирге чыкты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Тема” программасы эфирге чыкты



Үстүбүздѳгү жылдын 21-февралында “Медиа Манас” борборунда теле программаларды даярдоо үчүн студиянын расмий ачылышы болуп, “Тема” берүүсү старт алды.

Ачылышка Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, “Медиа Манастын” мүдүрү Бүлент Намал жана жалпы жамаат катышты. Студиянын кызыл лентасы кесилгенден кийин университеттин ректору Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев берүүнүн алгачкы коногу болушту.

Студиянын салтатанатуу ачылышында университеттин жетекчилери “Манас” университети билим берүү менен гана чектелбестен, ар тараптуу ѳнүүгүгѳ багыт алуу керектигин баса белгилеп, коомго пайдалуу болгон маалыматтуу берүү болушун каалады.

«Ар бир тема ѳзгѳчѳ» деген ураан менен эфирге чыга баштаган жаңы теле-берүүдѳ КТМУнун окутуучулары менен түрдүү темаларда кызыктуу маектер курулат. Программалар иш күндѳрү 11:00, 14:00 жана 16:00дө көрсөтүлөт.

КТМУнун жетекчилигинин колдоосу менен “Медиа Манас” борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан бул жаңы долбоор университеттин кадыр-баркын жогорулатуу, “Манас” теле каналынын жана “Манас ФМ” радиосунун уктуруу агымын сапаттуу материалдар байытууну кѳздѳйт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын апрель айынан тарта өлкөнүн бардык аймактарына обого чыга баштаган “Манас” каналынын берүүлөрү күндөн-күнгө кеңейүүдѳ.


Загрузка плеера...


Tema Programları Yayında Tema Programları Yayında

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться