Коопсуздук кызматкерлеринин билимин жогорулатуу үчүн семинар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Коопсуздук кызматкерлеринин билимин жогорулатуу үчүн семинар



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде коопсуздук кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында окуу-семинарлар башталды.

Университеттин үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган билим берүү программасы үстүбүздѳгү жылдын 14-февралынан 11-мартына чейин ѳткѳрүлѳт.

Бул боюнча үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмүнүн окутуучусу, доцент Эркан Эфилти жаңы кадрларды мекемеге адаптация болуу процессин тездетүү, алардын инсандык өнүгүүсүнө салым кошуу жана кесиптик жөндөмдөрүн жогорулатуу максатында бир катар семинарлар өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Семинардын алкагында университеттин башкы катчысынын м.а., доцент Октай Өзгүл “Дипломатиянын эрежелери”, профессор Мехмет Ариф Өзербаш “Протокол жана этикет”, профессор Күршат Йылмаз “Командада иштөө жана командалык рух”, доцент Эркан Эфилти “Мотивация”, ал эми Мухаммет Йагмур Йылдырым «Коопсуздук көндүмдөрү» аттуу темаларда семинар өткөрүшөт, ошондой эле чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары кызматкерлерге түрк тилинен сабак беришет.

Güvenlik Görevlilerine Yönelik Hizmet İçi Eğitim Güvenlik Görevlilerine Yönelik Hizmet İçi Eğitim Güvenlik Görevlilerine Yönelik Hizmet İçi Eğitim

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться