Кыргызпатент менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызпатент менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү



Үстүбүздѳгү жылдын 4-февралында КТМУнун экономика жана башкаруу факультетинин деканы Серхат Бурмаоглу Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инновация чөйрөсү жана жогорку окуу жайларында инновациялык инфротүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташууну талкуулашты.

Р.Керимбаева аймактарда билим берүү мекемелеринде инновациялык борборлорду ачуу жана университеттердин окутуучулук курамы менен мектеп окуучуларын инновация багытында окутуу боюнча кызматташууну сунуштады. Мындан сырткары, студенттик стартап-долбоорлордун ишке ашуусун бардык этаптарда колдоо максатында ЖОЖдордун базасында бизнес-инкубаторлорду ачуу жана алардын кызматкерлерин окутууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде, С.Бурмаоглу аймактардагы инновациялык билим берүү мекемелерин өнүктүрүү жаатында кызматташууга, стартап экосистемасын жана инновациялык инфротүзүмдү илгерилетүү боюнча Кыргызпатент менен бирге долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Кыргызпатенттин директорун университетке келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызпатент менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Kırgız Patent İle İş Birliği Görüşmeleri

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться