СТАМБУЛДУН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАРЫ БОЛГОН “АТЛАС” КИНОТЕАТРЫ ЖАНА “СТАМБУЛ” КИНО МУЗЕЙИ КОНОКТОРУН КҮТӨТ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

СТАМБУЛДУН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАРЫ БОЛГОН “АТЛАС” КИНОТЕАТРЫ ЖАНА “СТАМБУЛ” КИНО МУЗЕЙИ КОНОКТОРУН КҮТӨТ



Стамбул шаарынын Истиклал көчөсүндө жайгашкан тарыхый “Атлас” кинотеатры 2019-2020-жылдары Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реставрациядан кийин конокторго эшигин ачты. Бул тарыхый имаратттын ачылыш аземи Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу менен өтүп, иш-чарага дүйнө жүзүнө таанымал белгилүү режиссер Гай Ричи жана анын Анталья шаарында тартылып жаткан жаңы “Беш көз” аттуу тасмасынын каармандары Джейсон Стэтхэм, Джош Гарнетт, Джеки Эйнсли жана башка актерлор катышышты.

1948-жылы ачылган кинотеатрдын отургучтары, сахнасы жана үн тутумдары толугу менен жаңыланды. Кинотеатрда 483 кишилик орун, 4K көргөзмө проектору жана ар кандай спектаклдер үчүн колдонула турган 13 х 7 метрлик сахна жайгаштырылган.

“Атлас” кинотеатрынын имаратында 8 миңден ашуун түрк кинолорунун кыскача баяндамалары, дүйнөлүк жана түрк киносунун тарыхына байланыштуу материалдар, фестивалдарда түрк кино чеберлери алган сыйлыктарынын көргөзмөлөрү орун алган “Стамбул”  кино музейи да жайгашкан.

Кинотеатр жана музей жайгашкан имарат 1870-жылдары Султан Абдул-Азиздин тушунда курулган. Имараттын фасады XIX кылымга таандык неоклассикалык стилдин элементтерин камтыган өзгөчө шып жасалгасы , барельефтер, мрамор очоктору жана оймо-чиймеленген паркет менен кооздолуп ошол убактын искусствосун чагылдырат. “Атлас” кинотеатры, Түрк киносунун белгилүү борбору болгон Таксим аянтына жана Йешилчам көчөсүнө жакын жерде жайгашкан. “Атлас”  кинотетры жана Стамбул кино музейи Бейоглу Маданият жолундагы эң маанилүү мекемелерден болуп саналат.

Гай Ричи "Беш көз" аттуу жаңы кинотасмасын тартуу үчүн Түркияны тандады

"Беш көз"аттуу боевик тасмасы Түркиянын Маданият жана Туризм Министрлигинин кошкон салымы менен, Антальяда  Экспо көргөзмө аянты жана Антальянын тарыхый борбору – Калейчи аймагы ири тасма тартуучу жайга айландырылып ошол жакта тартылды. Сценаристтери Айван Эткинсон жана Марн Дейвис, режиссеру Гай Ричи жана башкы рольдордо Джейсон Стэтхэм, Обри Плаза, Бэгси Мэлоун жана Кэри Элвес ойногон  “Беш көз” аттуу тасмасында, дүйнөнү чоң коркунучка алып келе турган, өлтүрүүчү курал технологиясынын сатылышына жол бербөөгө аракет кылып жаткан MИ6 агенти Орсон Форчундун жоруктары чагылдырылган.

НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ НОВЫЕ ЗВЕЗДЫ СТАМБУЛА КИНОТЕАТР "АТЛАС" И МУЗЕЙ КИНЕМАТОГРАФА "СТАМБУЛ" ЖДУТ ПОСЕТИТЕЛЕЙ

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться