Кыргыз-Түрк Манас университети Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эң мыкты 400 университеттин катарына кирди. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз-Түрк Манас университети Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү эң мыкты 400 университеттин катарына кирди.



QS (Quacquarelli Symonds) эл аралык агентствосу тарабынан өткөрүлгөн Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 400 университеттин арасында Кыргыз-Түрк Манас университети 183-орунга ээ болду. Былтыр 350 университеттин арасынан 190-орунда болчу.

Бул тизмеге 29 өлкөнүн жогорку окуу жайлары кирген. Борбордук Азиядан болсо Казакстандан 27 жогорку окуу жай, Кыргызстандан 2 жогорку окуу жай, Өзбекстандан 4, Тажикстандан 1 жогорку окуу жай  кирген.  Кыргыз-Түрк “Манас” университети Борбордук Азиядан 15-орунду ээлеген.

Ушул 400 жогорку окуу жайдын 121и Россиядан болсо, Түркиядан 55 жогорку окуу жай кирген.

QS университеттерди он көрсөткүч менен баалайт: жогорку окуу жайдын академиялык аброю индекси (Academic Reputation), жумуш берүүчүлөр арасында окуу жайдын аброю индекси (Employer Reputation), профессордук-окутуучулук штаттын саны окуу жайдын студенттерге болгон катнашы (Staff with PhD), окутуучулардын илимий иштеринин шилтеме индексинин окутуучулардын санына болгон катнашы (Citations per Paper), жогорку окуу жайдын веб баракчасынын колдонушу индекси (Web Impact) ж.б.  

Эң алдыңкы 10 орунду Россия, Эстония, Чеш Республикасы жана Польшанын  жогорку окуу жайлары алган:

  1. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – Россия
  2. Тарту университети – Эстония
  3. Санкт-Петербург мамлекеттик университети - Россия
  4. Карлов университети – Чеш Республикасы
  5. Новосибирск мамлекеттик университети – Россия
  6. Ягеллон университети – Польша
  7. Варшава университети – Польша
  8. Масарик университети - Чеш Республикасы
  9. Москова физико-техникалык институту - Россия
  10. Томск мамлекеттик университети – Россия
Кыргызско-Турецкий университет «Манас» вошел в топ-400 лучших университетов Восточной Европы и Центральной Азии

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться