ПРЕЗИДЕНТТИК СИМФОНИЯЛЫК ОРКЕСТР ИМАРАТЫ “ТҮРКИЯНЫН МАДАНИЯТ КАМПУСУ” КАТАРЫ КЫЗМАТКА КИРДИ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ПРЕЗИДЕНТТИК СИМФОНИЯЛЫК ОРКЕСТР ИМАРАТЫ “ТҮРКИЯНЫН МАДАНИЯТ КАМПУСУ” КАТАРЫ КЫЗМАТКА КИРДИ



Үстүбүздөгү жылдын 3-4-5 декабрь күндөрү 2 кылымдан ашуун тарыхый өтмүшү бар, дүйнөдөгү тамыры кеңир жайылган оркестралардын бири болгон Түркиянын Президенттик симфониялык оркестри (ПСО) аземдүү гала-концертин жаңы салынган имаратында өткөрдү.  Ачылышы өткөрүлүп жаткан ПСО имараты Түркиянын маданият жана искусство тармагына жапжаңы дем берет. 

Түркия - бүтүндөй искусствонун  жүрөгү  соккон  өлкөлөрдөн бири. Тасирдүү тарыхы, шаарынын кооздугу, динамикалык атмосферасы жана эки континентти байланыштырып турган уникалдуу жери, ошону менен бирге маданиятка искусствого берген өзгөчө орду аркылуу өзүнүн атын таанытып келет.

Президенттик симфониялык оркестрасынын Түркиянын борбору Анкара шаарында салынган жаңы имаратынынын салтанаттуу ачылыш аземине, Туркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Маданият жана Туризм Министри Мехмет Нури Эрсойдун катышуусу менен болуп өттү.

Жаңы имаратта 2023 орундуу чоң концерттик зал, 500 орундуу кичине концерттик зал жана 10 миң кишилик ачык асман концерттик аянты, муну менен биргеликте президенттик симфониялык оркестр музейи орун алган. 

Ачылыш аземине Түркия Республикасынын  Маданият жана Туризм Министринин өзгөчө коноктору, ырчылар, журналисттер, чет элдик жана жергиликтүү коноктор да катышышып, баардык катышуучулар социалдык аралыкты эрежелерин сактоо менен бирге COVID-19 илдетинен коргонууда бардык чаралардын кылдаттык менен аткарышты.

Президенттик  симфониялык оркестринин “Чоң зал”, “Көк зал”, жана “Тарыхый Президенттик  симфониялык оркестр залы” баш болгон маданият искусство борборунун  музыкадан салттуу музыкага, дүйнө музыкасынан популярдуу музыкага чейин дегеле абдан бай чыгармалары менен дүйнөнүн бардык искусство сүйүүчүлөрүнө жылы бою эшиги ачык болот.

ПСО өзүнүн жаңы имаратында

Дүйнөдөгү эң абройлуу оркестрлердин арасында кадыр-баркка ээ болгон Түркиянын флагмандык оркестри, Президенттик симфониялык оркестри, 1826-жылы Осмон падышалыгынын  Султаны Мехмет II тушунда Стамбулда батыш тобун түзүү идеясы менен Müzika-ı Hümayun деген ат менен негизделген.  1924-жылы Müzika-ı Hümayun, Мустафа Кемал Ататүрктүн өтүнүчү менен Анкарага көчүрүлүп, 1932-жылы Билим берүү министрлигинин алдында иш алып барган жана Президенттик филармония оркестринин ысымын алган. Акыры, 1957-жылы оркестр Президенттик симфониялык оркестри деген ат менен Маданият жана Туризм Министрлигинин карамагына кирген.

Монументалдык жана түбөлүктүү архитектуралык ыкма

2017- жылы бүтүрүлгөн Гамбургдагы Эльбфилармония концерттик залынан кийин ачылган эң биринчи Президенттик симфониялык оркестрдик концерттик зал өзүнүн архитектуралык, искусстволук жана социалдык ыкмасы боюнча дүйнөдөгү музыка сүйүүчүлөрү үчүн абдан чоң пайда алып келет. Имаратка, белгилүү бир мөөнөттөн кийин модасы өткөн дизайн менен эмес, убакыттын өтүшү менен эскирбей турган символикалык архитектура колдонулган.  Бул архитектуралык форма сууунун ортосунда жайгашып, ортосунда курч айнек үч бурчтугу жана тунук эмес айнек менен капталган эки тоголоктон туруп, монументалдуу жана көөнөрбөс дизайндык чеберчиликке ээ экендиги көрүнүп турат.

ПСО жаңы жүзү менен жаңы имаратында

Жаңы логотиптин дизайны кыймыл, гармония, чеберчилик жана дисциплина түшүнүктөрүн чагылдырып турат. Ал оркестрдин тарыхый миссиясынын келечекке болгон көз карашы менен айкалыштырып көрсөтүү үчүн күчтүү түстөр палитрасы жана шрифт менен көркөмдөлгөн. Логотип жездин түсүндөй сары өңгө боёлгон.

Президенттик симфониялык оркестр (ПСО)

Дүйнөдөгү тамыры кеңири жайылган искусство мекемелеринин бири болгон Президенттик симфониялык оркестр өзүнүн 200 жылдык тарыхында өз тарыхын, чыгармачылыгын  өзүнүн көркөм чыгарамачылык жашоосунда үзгүлтүккө учуратпастан сактап келди. Алгачкы мезгилдерде Müzika-ı Hümayun деп аталып келген, Австро – Венгер Имераторлугу сарайынан Стамбулга чакырылып келген Джузеппе Доницетти оркестрдин дирежеру болуп дайындалган жана полифониялык музыканын маданияты көп өтпөй кабыл алынып, бекемделген.

Оркестр 1924-жылынын 27-апрелинде Мустафа Кемал Ататүрктүн буйругу менен Анкарага көчүп келип, жаңы түшүнүк менен элдин маданиятын жана искусствосунун деңгээлин көтөрүү үчүн иштеген пионердик көркөм мекемеге айланган (Riyaseti Cumhur Philharmonic Orchestra).
Ататүрктүн атына татыктуу болгон оркестр (Riyaseti Cumhur Philharmonic Orchestra) ошол эле учурда республиканын тарыхындагы биринчи музыкалык мекеме болуп эсептелет.

1934-1935-жылдар аралыгында алгач Ахмед Аднан Сайгун, андан кийин белгилүү немис композитору Пауль Хиндемит билим берүү мекемелеринде музыкалык программаларды түзүүгө дайындалган. Ушул мезгилде, Пауль Хиндемиттин сунушу боюнча, немис дирижёру, доктор Ж.Эрнст Преториус оркестрдин туруктуу дирижёру болуп калган. Преториус каза болгондон кийин, Хасан Ферит Алнар 1946-жылы оркестрдин биринчи дирижёру болуп дайындалган, андан кийин оркестрди Готтхольд Эфраим Лессинг баш болгон көптөгөн белгилүү дирижёрлор башкарган.

Ал Президенттик симфониялык оркестр, Луи Фремо, Лукас Фосс, Уолтерс Сасскинд, Иржи Белохлавек, Аарон Копленд, Жан Периссон, Владимир Федосеев, Гилберт Варга, Кристиан Ярви, Анатол Фистуллари, Герман Шерхен сыяктуу көптөгөн белгилүү дирижёрлор менен иштешкен.

Оркестр Андре Наварра, Иегуди Менухин, Вильгельм Кемпфф, Хоакин Родриго, Альбрихт Майер, Жан Пьер Рампаль, Игорь Ойстрах, Леонид Коган, Рафаэль Валлфиш, Хагай Шахам, Трульс Морк, Виктор Пикайзен, Джулиан Рахлин, Поль Тортелье, Сарар, Пьер коноктору Александр Рудин, Максим Венгеров, Вадим Репин, Анджела Георгиу, Хосе Каррерас сыяктуу белгилүү эл аралык солисттер болгон.

Түркия Республикасынын маданият тармагынын ишмерлери: Суна Кан, Айла Эрдуран, Айшегюль Сарыджа, Идил Бирет, Гюлай Угурата, Гюльсин Онай, Верда Эрман и Хусейн Сермет оркестрдын туруктуу солисттери болушкан. Ал Айхан Баран, Рушен Гюнеш, Гюльшен Тату, Гюхер-Сюхер Пекинель, Ферхан-Ферзан Ондер, Фазил Сай, Мухиттин Дюрруоглу сыяктуу көтөгөн белгилүү солисттер менен концерт берген.

 

Оркестрдин туруктуу дирижерлорунун катарында Хикмет Шимшек (1959), Гюрер Айкал (1988), Ренгим Гёкмен (2007), Эрол Эрдинч (2011), Сельман Ада (2014), Ренгим Гёкмен (2015). Кан Делиорман 2020-2021-жылдардагы концерттик мезгилден бери оркестрдин туруктуу дирижёру.

Президенттик симфониялык оркестрдин имараты тууралуу тарыхый маалымат

Анкарадагы Президенттик симфониялык оркестрдин концерттик залы 800 орундуу концерт залы катары долбоорлонгон. Ал жакта президенттик симфониялык оркестрдин концерти жана машыгуулары болуп турган. 1958-жылы Анкаранын Улус аймагындагы тарыхый Талатпаша бульварында көргөзмө үйү катары курулган имарат 1961-жылы оркестрге өткөрүлүп берилип, архитекторлор Эртугрул Озакдемир жана Феридун Хельвациоглу тарабынан 1962-жылы концерттик залга айландырылган. Курулган мезгилден бери архитектуралык өзгөчөлүктөргө ээ болгон имараттын сырты боз, кызыл, травертин түстөрдөгү пилдин сөөгүнөн жасалган жана булар Анкаранын опера сахнасын чагылдырып турат. 1992-жылы “Президенттик симфониялык оркестрдин концерттик залы жана хор имараты” үчүн архитектуралык тендер өткөрүлгөн. Доган Текели төрагалык кылган тендердик комиссия 46 долбоордун арасынан биринчилерден болуп Уйгур архитектурасы (Uygur Architecture) долбоорун тандап алган. Биринчи кабаттын алдындагы кабат катары долбоорлонгон имараттын акыркы кабатынын фойеси 1990-жылдары жаңыланган. 2001-жылы оңдоодон өтүп, 2007-жылы бошотулган имарат оңдоп-түзөө иштеринен кийин 2008-2009-жылдардагы концерттик сезондо ачылган.

Көрктөндүрүү долбоорунун алкагында, сахна артындагы бөлүмдөн тышкаркы бардык жайлар оңдоодон өттү; акустикалык сапатын жакшыртты. Имараттын фойесинде скульптор Толга Кыналы тарабынан чеберленген Ататүрктүн рельефи жана алдыңкы бакчада скульптор Эшбер Караялчиндин "Учкан ноталар" деп аталган скульптурасы бар.

Президенттик симфониялык оркестрдин концерттик залындагы аспап - бул тарыхый чиркөө аспабы болуп эсептелет. Ал 1965-жылы оркестрге берилген. Измирлик ишкер Эдмонд Жира тарабынан берилген 5000 түтүкчөсү бар бул аспап 1990-жылдары талкаланган. Ал кайрадан 2006-жылы оңдолуп, калыбына келтирилген.

 

Түркия жөнүндө

Жер ортолук деңизинде жайгашкан жана Азия менен Европаны бириктирип турат.  Түркия жайгашкан аймакта континенттерди бири-биринен белгилүү Босфор кысыгы бөлүп турат. Аталган уникалдуу өлкөгө өткөн жылы 50 миллиондон ашык турист келген. Ар дайым маданий карым-катнаштын борбору жана ар кандай климаттын мекени болгон Түркия, конокторду өзүнүн тарыхы, жаратылышы жана кылымдар бою цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн чагылдырган гастрономиясы менен өзүнө тартып турат. Түркия 2020-жылы туризм сезону үчүн «Коопсуз Туризм Программасын» ишке ашырды. Туризм тармагындагы башкы адистер тарабынан тез арада кабыл алынган программа, кызматкерлердин, жергиликтүү жана чет элдик меймандардын жайгаштыруу, ден соолугуна кам көрүү максатында тамак-аш, суусундуктар жана транспорт менен камсыз кылуучу мекемелер алкакгындагы бир катар иш-чараларды аныктайт.

Түркия тууралуу кененирээк маалымат: www.goturkey.com


Загрузка плеера...


ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС». ЗДАНИЕ ПРЕЗИДЕНТСКОГО СИМФОНИЧЕСКОГО ОРКЕСТРА НАЧАЛА СВОЮ ДЕЯТЕЛЬНОСТЬ КАК «ТУРЕЦКИЙ КУЛЬТУРНЫЙ КАМПУС».

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться