Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык"

Проф.докт. Жейлан, "Кыргызстанга болгон терең сүйүү жана урматыбызды Эржиш-Улуу Памирден баштадык." деп айтты.



Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Проф.докт. Алпаслан Жейлан Улуу Памирлик кыргыздарды зыярат кылды.

ТРнын Жогорку Билим берүү башкы органынын 2020-жылдын 10-августундагы чечими менен КТМУнун ректору болуп дайындалган Проф.докт. Алпаслан Жейлан кызматына киришүү максатында Кыргызстанга келе жатып кыргыздар отурукташкан Вандын Эржиш аймагына караштуу Улуу Памир айылына барып кайтты.

"Кыргызстанга болгон терең сүйүү жана урматыбызды Эржиш-Улуу Памирден баштадык." деп айткан ректор проф.докт. Алпаслан Жейлан аталган айылда кыргыз туугандарынын үйүндө конок болду, аксакалдар жана балдар менен маектешти, мазар басып шейиттердин арбагына багыштап куран окуду.

Университет катары Улуу Памирге дайыма колдоо көрсөтөөрүн белгилеген Проф.докт. Алпаслан Жейлан, "Достугубуздун тамыры өтө байыркыга барып такалган Улуу Памир кыргыздары, Теңир Тоолорунун Анатолиядагы бизге калтырган аманаты. Улуу Памир кыргыздары менен баарлашуу,  аксакалдарынын батасын алуу, Ата Журтка жолдонгон саламдарды алып келүү биз үчүн маанилүү максаттардын катарында.

Улуу Памир айылында жашаган кыргыз бир туугандарыбызга буга чейин көрсөткөндөй эле, мындан кийин дагы көмөктөрүбүз улана берет. Кыргыз-Түрк "Манас" университети катары Улуу Памирге социал-экономикалык жана маданий багыттагы колдоолорубуз дагы арта бермекчи."-деди.

Проф.докт. Жейлан айылда өзүн чын дилден тосуп алган, үйлөрүндө жана дасторкондорунда коноктогон айыл өкмөтү Эйүп Хан Ватансевер жана Көкбөрү командасынын капитаны Якуп Тимурду баш кылып бардык кыргыз бир туугандарына ыракматын айтты.

Кыргыз-Түрк "Манас" университинин ректору Проф.докт. Алпаслан Жейлан 2020-жылдын 18-августунда Кыргызстанга келип өз кызматына киришет.

 

MEDIAMANAS


Загрузка плеера...


Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык" Ректор Проф.докт. Жейлан: "Улуу Памирден жолго чыктык"

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться