Турдакун Усубалиевди эскерүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Турдакун Усубалиевди эскерүү



Үстүбүздѳгү жылдын 3-декабрында көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер, КТМУнун «Ардактуу доктору» Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган «Турдакун Усубалиевди эскерүү» жыйыны болуп өттү.         

Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмү тарабынан уюштурулган жыйынга университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаева, бөлүм башчылары, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чара Кыргыз жана Түркия Республикаларынын Мамлекеттик гимндеринин жаңырышы менен ачылып, андан кийин Турдакун Усубалиевдин өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү.

КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар, саясий лидер катары таанылган Т.Усубалиев тууралуу төмөнкүлөрдү сүйлөдү: «Ѳлкѳн 25 жыл, чейрек кылым башкаруу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Бул өтө жоопкерчиликтүү жана оор иш. 1980-жылдары Совет өлкөлөрүнүн арасынан суурулуп чыгып, кыргыз коому үчүн чоң эмгек жараткан бул инсан өз мезгилинде эч кимдин колунан келбеген идеяларды иш жүзүнө ашырган. Токтогул ГЭСин куруу менен баштап, 10дон ашык фабрикалардын курулушун жетектеп, 340миңден ашуун адамдарды иш менен камсыз кылып, Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүнө кошкон салымы эбегейсиз. Өмүрүн эл кызматына арнаган улуу инсанга 2012-2013-жылдары «Манас» университетинин «Ардактуу доктору» наамын ыйгаруу биз үчүн чоң сыймык болду», - деди ректор.

Андан кийин университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип, ага карата бир топ иш-чаралар уюштурулуп жатканын белгиледи. Ал жаштарга ѳмүрү өрнөк залкар инсан Т.Усубалиевдин ѳмүрүнѳн, эмгегинен таалим алып, тарыхый инсандарды даталуу күндѳрү гана эстепбестен, дайым билип жүрүүлѳрү керектигин айтты.

Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаева Т.Усубалиев өзүнүн кызыкчылыктарынан дагы элдин кызыкчылыгын алдыга коюп, анын жасаган эмгегин муундан-муунга жеткирүү жаштардын милдети экендигин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда орус тили жана орус адабияты бөлүмүнүн профессору Осмонакун Ибраимов «Турдакун Усубалиев жана анын саясаттагы баскан жолу» деген темада илимий баяндама жасады.


Загрузка плеера...


Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү Турдакун Усубалиевди эскерүү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться