Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы.

Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин ага окутуучулары “Супара” этно ресторанынын кызматкерлерине практика жүзүндө иш тажрыйбалары менен бөлүштү.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин ага окутуучулары 2016-жылдын 24-мартында Бишкектеги “Супара” этно ресторанынын кызматкерлерине практика жүзүндө иш тажрыйбалары менен бөлүштү.

Бул иш-чаранын алкагында Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем, ага окутуучулар Надира Турганбаева жана Гүлмира Саматова катышуучуларга туризмде кардарлар менен болгон мамиле, кызмат көрсөтүү усулдары жана ашкана стандарттары темаларынын тегерегинде семинар өткөрүшүп, практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Семинардын ачылышында КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Коомго кызмат кылуу, иш дүйнөсү менен мамилелерди бекемдөө, “Манас” университетинин эң маанилүү милдети. Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби, бул милдетти татыктуу аткарып келе жатат. Ал эми “Супара” Кыргызстандагы салттуу маданиятты чагылдырган комплекс”,- деди.

“Супара” это комплексинин башкы мүдүрү Назгүл Турганбаева жогорку окуу жайлардын туризм секторлору менен болгон мамилеси эки тарапка тең пайдалуу экендигин белгилеп, тажрыйбаларын бөлүшкөндүгү үчүн аталган жогорку мектепке ыраазычылыгын билдирди.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү

Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы. Туризмдин иш дүйнөсү менен кызматташтыгы.

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться