Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү



«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» - дегендей, кыргыз элин бүтүндөй ааламга тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 91 жылдыгына арналган кече болуп ѳттү.

Иш-чара 11-декабрь күнү ректораттын жыйындар залында ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова жана жээни Асан Акматов, ошондой эле Кыргыз Эл акыны Гулсайра Момунова жана университеттин окуучулары менен студенттер катышты.

Кече залкар жазуучу Ч.Айтматов жѳнүндѳ даректүү фильмдин жана анын чыгармаларынан түзүлгѳн театралдык композициясынын кѳрсѳтүлүшү менен башталды.

Кеченин ачылыш сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин жана түрк дүйнөсүнүн эле эмес, бүтүндөй дүйнөлүк адамзаттын залкар жазуучусу экендигин баса белгиледи:

«Жазуучунун чыгармалары дүйнөлүк окурмандар жана изилдөөчүлөр тарабынан изилденип, бүгүнкү күнү анын чыгармалары 180 ден ашык тилге которулду. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен 60-жылдардын аягында тааныштым. Кийин 70-80-жылдары жазуучунун аты Түркияда дүңгүрѳп чыгып турду. Анын «Кызыл жоолук жалжалым» жана «Жамийла» чыгармаларынын негизинде кинофильмдер тартылды.  Ч.Айтматовдун ысымы бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык бурчтарына маалым. Ал ѳзүнүн чыгармалары аркылуу бир гана кыргыз элин эмес, бүтүндѳй түрк дүйнѳсүн дүйнѳгѳ таанытты. Ал Нобель сыйлыгынан да бийик турган инсан болгон, биз аны менен ар дайым сыймыктанабыз”, - деди.

Ал эми окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев Айтматовдун терең философиялуу чыгармалары бүтүндөй адамзатка руханий кулазык экенин баса белгиледи:

“Баарыбыз улуу инсандын жердеши, замандашы экенибизге сыймыктанабыз. Ал кишинин ѳткѳн турмушун жана чыгармаларын башкалардан укпай, ѳзүбүз жакындан кѳрдүк. Чындыгында Айтматовдой адамдар кылымда бир жаралат. Ал ѳз чыгармалары аркылуу бүтүндѳй адамзаттын алдына суроо коюп, жалпы адамзатка эскертүү жасап кетти. Анын ар бир айткан ою жана сөзү адамзатка жол көрсөтүп турат”, - деп айтып келип, “Учурда уялаш бир туугандары Ильгиз Тѳрѳкулович жана Роза эже ар дайым эл арасында, ѳзгѳчѳ жаштар болгон жерде бирге жүрѳсүздѳр. Сиздерге чын ден соолук жана узун ѳмүр каалайм, бар болуңуздар”, -деди биринчи проректор.

Андан кийин гуманитардык факультеттин деканы, профессор Лайли Үкүбаева  “Айтматовдун гуманисттик философиясы жана ааламдык чакырыктары” деген темада илимий баяндама жасады.


Загрузка плеера...


Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына арналган кече ѳттү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться