Түндүк Кипрдин түзүлгөнүнө 36 жыл » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түндүк Кипрдин түзүлгөнүнө 36 жыл



  Түндүк Кипр өлкөсүнүн түзүлгөнүнүн 36 жылдыгына карата Кипр түрк элинин эркиндик көтөрүлүшүнүн башчысы доктор Фазыл Күчүк жана негиздөөчү президент Рауф Денкташты эскерүү кечеси уюштурулду.

 Түрк Кипр агенттигинин маалыматына ылайык, эскерүү иш-чарасы Күчүктүн сөөгү жаткан Аныттепеде болуп өттү.

 Эскерүүгө президент Мустафа Акынжы, спикер Теберрүкен Улучай, жогорку сттун башчысы Нарин Ферди Шефик, 2-президент Мехмет Али Талат, Түркиянын Лефкоштогу элчиси Али Мурат Башчери, "Ana Muhalefet Cumhurıyetçi" партиясынын башчысы Туфан Эрхүрман, вице премьер-министр жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай, Лефкоштун мэри Мехмет Карманжы катышышты. Иш-чарада президент Мустафа Акынжы эскерүү дептерине кол койду.

 Ал эми Денкташтын эскерүү кечесине да жогорудагы коноктор жана ошондой эле премьер-министр Эрсин Татар, аскерлер, мектеп өкүлдөрү жана Денкташтын үй-бүлөсү катышты. 

 Ушул эле күнү Түндүк Кирп өлкөсүнүн 36 жылдык майрамын куттуктоо максатында Түркия республикасынын президентинин жардамчысы Фуат Октай Түндүк Кипрге келди. 

     "Түндүк Кипрдин  желеги желбирейт"

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жөнөткөн билдирүүсүндө:

"Тарыхый жана келишимдин негизиндеги милдеттерибиздин чегинде, Түндүк Кипр өлкөсүнүн желеги жерде эле эмес деңиздерде, асманда да сыймык менен желбиретүү үчүн колубуздан келген аракетти жасайбыз" деп билдирди.

KKTC'nin 36. Kuruluş Yılı KKTC'nin 36. Kuruluş Yılı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться