Шафранболу жана Ош шаарларынын ортосунда бир тууган шаар протоколуна кол коюлду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Шафранболу жана Ош шаарларынын ортосунда бир тууган шаар протоколуна кол коюлду



ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Карабүктөгү Шафранболу аймагы менен 2019-жылы Түрк маданиятынын борбору деп жарыяланган Ош шаарынын ортосунда бир тууган шаар протоколуна кол коюлду. Шафранболу шаарынын мэри Элиф Көсе аймактын борборунда уюштурулган кол коюу аземинде сүйлөп жатып, эки шаардын бир туугандык байланышта бириккенинин өздөрү жана жалпы эле Түрк дүйнөсү үчүн өтө баалуу кадам болгонун билдирди. Оштун Шафранболуга бир тууган болгон 8-шаар экенин баса белгилеп,

" Мындан ары бир тууган шаарлар арасында жалпы долбоорлор, эки шаардын тең экономикасына жана маданиятына салым кошо турган иштерди аткаруу тилегибиз бар. Оштун бай экономикасын, маданиятын эске алуу менен эки тараптуу бир туугандык мамилебизди улантабыз,-деди ал өз сөзүндө.

Ош шаардык кеңешинин башчысы Жапарбек Ормонов Шафранболунун 3 миң жылдык тарыхы бар шаар экендигин белгилеп өттү. Соңунда Көсе жана Ормонов протолко кол коюшту.

 

Anadolu ajansı

Safranbolu İle Oş Arasında Kardeş Şehir Protokolü İmzalandı Safranbolu İle Oş Arasında Kardeş Şehir Protokolü İmzalandı

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться