Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” жыйынтыкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” жыйынтыкталды

Бүт жер жүзүндөгүдөй эле, Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” “Катыш, Акчаны акылдуулук менен топто” деген ураандын алдында белгиленип, анын жабылышына арналган салтанаттуу иш-чара 2016-жылдын 23-мартында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде өткөрүлдү.



Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргызстандын банктар биримдиги, Өнүктүрүү саясат институту, коммерциялык банктар, мамлекеттик жана коомдук мекемелерден турган демилгелүү топтун өкүлдөрүнөн сырткары, иш-чарага “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын” алкагындагы сүрөт, видеоролик жана эссе боюнча сынактын жеңүүчү окуучулары жана студенттер катышышты. 

Ишчараны ачып жатып, Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова, Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” ийгиликтүү өткөндүгүн, бул компанияга тартылган катышуучулардын арасында кызыгуу жаралгандыгын, балдар гана эмес чоңдор арасында дагы калктын финансылык сабаттуулугу темасы өлкөбүздө өтө актуалдуу маселелердин бири экендигин белгиледи. Албетте, экономика жана финансы тармагында кыргызстандыктардын билимин жогорулатуу боюнча ишти Улуттук банк уланта берет жана келерки жылдары Кыргызстанда өтө турган бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгын жетектейт.

“Улуттук банк “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” компаниясын ишке ашырууга” кызуу киришти. Биздин адистер республиканын бардык аймактарында лекцияларды окушуп, окуучу жана студенттерге финансылык сабаттуу болуу азыркы учурда өтө маанилүү экендигин, билим капиталдын эң негизги булагы катары келечекте аны туура пайдалануу аркылуу акчага жетишүүгө мүмкүндүк берээрин айтып беришти. Жаштар менен жолугушууда финансылык мекемелер көрсөтүүчү продукт жана кызматтар, топтоо, инвестициялоо, банк карттары, жана башкалар жөнүндө сөз болду. Бул жерден угармандардын чоң кызыгуусун белгилей кетмекчимин. Биз мектеп окуучуларынын бардык ишчараларды жакшы кабыл алгандыгына жагымдуу таң калдык. Лекция, ачык эшиктер, семинар жана башка иш-чаранын баарында тең жогорку катышуучулук байкалды. Балдарды кызыктырган көптөгөн суроолор болду, алар тренинг жана сынактарга активдүү катышып жатышты”,-деп белгиледи Раушан Сейткасымова. 

Дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрүүдө Улуттук банктын шериктеши болгон Өнүктүрүү саясат институтунун башкармасынын төрайымы Надежда Добрецова балдардын өздүк каражаты темасы боюнча алгачкы билими үчүн чоңдор жооптуу болоорун белгиледи.

“Азыр ар бир ата-эне балдарга коопсуздук билимин берүү менен бирге эле, финансылык билимдин минималдык негизин бериш керек экенин түшүнүшү зарыл. Биз балдарды тамактануунун алдында колду жууш, жолду туура өтүш керек деп үйрөткөн сыяктуу эле, акчага туура мамиле кылуу, акылдуулук менен колдонуу, өз финансылык коопсуздугуна кам көрүш керектигин үйрөтүшүбүз керек. Азыркы замандын жараны финансылык сабаттуу болбосо ийгиликтүү боло албайт, ошондуктан жаш муундар алгач финансы боюнча өз укугун жана милдетин таанып, өздөрүнүн финансылык өнүгүү максаттарын коюп, ал максаттарды кайсы ресурстар аркылуу жетишин түшүнүш керек. Дүйнөлүк акча жумалыгынын максаты балдарда финансылык сабаттулуктун жоктугуна көңүл буруу болуп саналат. Бирок бир жума менен жашоо чектелбейт, өзгөчө өспүрүмдөр жана жаштардын, финансылык сабаттулугун жогорулатуу ар бир ата-эненин, үй-бүлөнүн, жана мамлекет менен коомчулуктун күнүмдүк максаты болуп калышы керек. Айрыкча,  мамлекеттин катышуусу маанилүү, себеби расмий билим берүү системасы аркылуу бул маселени системалык деңгээлде чечсе болот. Улуттук банктын жетекчилигинин алдында Кыргызстанда өткөрүлгөн Дүйнөлүк акча жумалыгы маалыматту гана эмес, тарбиялоочу мүнөздү дагы камтыды”.

Н.Добрецованын айтымында, Кыргызстандагы “Дүйнөлүк акча жумалыгы” кампаниясынын алкагындагы  эң маанилүү иш-чара катары коомчулукка сунушталган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы иштеп чыккан калктын финансылык сабаттулугун жогорулатуу долбоору болуп саналат. “Финансылык сабаттулукту жогорулатуу боюнча мамлекеттик долбоор аркылуу, бул маселе коомчулуктун  көңүлүн бургандан сырткары, мамлекеттин камсыздоосун алат деп үмүттөнөбүз. Улуттук банк долбоорду Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн кароосуна коюп жатканы менен, долбоордун жалпы мамлекеттик мааниси жөнүндө көбүрөөк айтышыбыз керек. Долбоор финансылык сектордун ички маселелерин эмес, Кыргыз Республикасынын жаш муундардын келечектеги ийгилик маселесин чечет,”  дейт Н. Добрецова.

“Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” Кыргызстанда 2016-жылдын 14-мартынан 22-мартына чейин белгиленди. 7 күндүн ичинде өлкөнүн бардык аймактарында, алыскы район-айылдарда дагы чеберлер классы, тегерек стол, мамлекеттик мекемелерге экскурсиялар, коммерциялык банктарда ачык эшик күнү өткөрүлүп, адистер мектеп окуучулары менен студенттерге калктын финансылык билиминин маанилүүлүгү жана зарылдыгы тууралуу лекцияларды окушту.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргызстандын банктар биримдиги, Өнүктүрүү саясат институту, коммерциялык банктар, жана эл аралык уюмдардан турган уюштуруучулардын демилгелүү тобу 15 миң 800 ашуун катышуучуну бул ишчарага тарта алды. Жалпысынан 217 ар түрдүү иш-чара өткөрүлдү. Мыкты сүрөт, дил баян, видеотасмалар боюнча жарыяланган сынакка  окуучулар тарабынан 500 ашуун иш тапшырылды.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын жабылуусуна арналган салтанатта өткөрүлдү. Сыйлык фондун "ФИНКА Банк" ЖАК, «Бай Тушум» Банк ЖАК, "Кыргыз Инвестициялык-Кредит банк" ЖАК коммерциялык банктары колдоого алып, адаттагыдай эле сынактын негизги байгеси катары жеңүүчүлөргө коммерциялык банктарда депозиттик эсептер ачылды. Финансисттердин пикири боюнча, банктагы эсептин аз суммада болсо дагы ачылышы, балдар үчүн өз эмгеги жана таланты менен табылган акча, келечектеги салым болуп калаарынан кабар берет.

«Бай-Тушум» Банкы 5 жылдан бери эл менен жолугушуп, тренингдерди өткөрүп маалымат берүү аркылуу калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу менен алектенип келет. Финансылык аспектини өзүнө камтыган бардык долбоор жана демилгелерди колдойбуз, айрыкча балдар жана өспүрүмдөргө байланыштуу болсо. Андыктан быйыл «Бай-Тушум» Банкы 5-ирээт өткөрүлүп жаткан “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын” активдүү катышуучусу жана уюштуруучуларынын бири болду. Бул компаниянын негизинде банк республика боюнча, 70 ашуун ишчараларды өткөрүп, 5800 ашуун адамга кеңеш берип, тренингдерди өтүштү. Мындан сырткары, биз “Катыш, Акчаны акылдуулук менен топто” аттуу видеотасма боюнча республикалык сынактын демөөрчүсү болдук. Бул сынактын алкагында өспүрүмдөрдү жана жаштарды оздүк каражатты сабаттуу башкаруунун маанилүүлүгүнө карата үйрөтүп, финансылыкы сабаттуулукту жогорулатууга карата көңүлдөрүн бура алдык”, - деп белгиледи «Бай-Тушум» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

“Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” эл аралык компаниясы Кыргызстанда “Кыргызстандын Банктар Биримдиги”, Өнүктүрүү саясат институту, "ФИНКА Банк" ЖАК, «Бай Тушум» Банк ЖАК, "Кыргыз Инвестициялык-Кредит банк" ЖАК, «Оптима банк» ААК, (IFC) Эл аралык финансы корпорациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги, Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик ж.б катышуусунун негизинде өткөрүлдү.

Мындан сырткары, коомчулукта биринчи жолу “2016-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун Программасы” долбоорунун бетачары болду. Аны иштеп чыгууга мамлекеттик органдардын, коомдук уюумдардын жана коммерциялык структуралардын өкүлдөрү катышкан. Программада каралган иш-чаралардын негизги максаты – жарандардын финансылык сабаттуулугунун жана финансылык жүрүм-турум маданиятынын деңгээлин жогорулатуу. Алдын ала бул документте каралган иш-чаралар жаш муундардын финансылык сабаттуулугунун тийиштүү деңгээлде тарбияланышына, өздүк финансыны колдонунуунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана финансылык инструменттерди сапаттуу колдонууга өбөлгө түзөт. Азыркы тапта документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлдү.

Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” жыйынтыкталды Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” жыйынтыкталды Кыргызстанда “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” жыйынтыкталды

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться