Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты



Селчук университети жана КТМУнун туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби менен биргеликте уюштурган III Эл аралык Маданий мурас жана туризм конгресси аяктады.

Үстүбүздѳгү жылдын 17-19-сентябрь күндѳрү ѳткѳн илимий конгресс Түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды. Анда 70тен ашуун билдирүү жасалып, туризм тармагына байланыштуу изилдөөлѳр боюнча семинар жана отурумдар ѳттү.

Үч күнгѳ созулган илимий-практикалык конференцияда Кыргызстандын туризм тармагынын потенциалы, келечеги тууралуу докладдар окулду жана Түркия менен болгон байланышы тууралуу ѳз ара пикир алышуулар жана талкуулар жүрдү. Ошондой эле туризм жана маданий долбоорлордо Түркистан, Жибек Жолу өңдүү маданий мурастарды таанытуу зарылчылыгы айтылды.

КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы иш-чаранын жабылыш бѳлүгүнѳ катышып, аталган конгресс абдан натыйжалуу ѳткѳнүн жана мындан ары колдоо көрсөтүүүнү уланта берээрин билдирди. Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин иш-чараларына Кыргызстандын туризм секторунунун өкүлдөрү менен бирге инвесторлор дагы катышса пайдалуу болоорун айтып, Түрк дүйнөсүнүн ынтымагын ушундай иштер менен гана улантуу керектигин баса белгиледи.


Загрузка плеера...


Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты Маданий мурас жана туризм конгресси соңуна чыкты

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться