Түрк ишкерлери КТМУга келди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк ишкерлери КТМУга келди



Түркия Парламентинин өкүлү, ТүркПАнын Чөйрө жана табигый булактар комиссиясынын төрагасынын орун басары Режеп Шекер баштаган делегация мүчѳлѳрү окуу жайга келишти.

Жолугушуу үстүбүздѳгү жылдын 4-сентябрында ѳтүп, ага Режеп Шекер мырза баштаган делегация мүчөлөрү менен университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Хусейин Өгүт, Экономика бөлүмүнүн башчысы Жусуп Пиримбаев, декандын орун басары, доц.м.а Сейил Нажимудинова жана доц.м.а Жунус Ганиев катышты.

Жолугушууда университеттин таанытуу тасмасы кѳрсѳтүлдү. Андан кийин Экономика бөлүмүнүн окутуучусу, доц.м.а Жунус Ганиев Кыргызстандын экономикасынын жалпы абалы тууралуу презентация жасады.

ТРнын депутаты Режеп Шекер ѳз сѳзүндѳ Кыргызстанда тамак аш, айыл чарба, текстиль, курулуш тармактарына инвестиция керектигин билип, атайын ишкерлер менен ѳз ара пикир алышканы келгендигин жана бул боюнча эл өкүлдөрү менен жолугуп иш форумун өткөргөндүгүн айтып, мындай деди: «Соода, өнөр жай болгон жерде, сѳзсүз илим менен билим да бар. Илимсиз. билимсиз иш болбойт. Бул жаатта «Манас» университетине өзгөчө маани беребиз. Себеби, университет - кыргыз-түрк достук кызматташтыгынын бир белгиси. КТМУнун жетишкен ийгиликтерин кѳрүп, абдан кубанып турабыз».

Андан кийин окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы КТМУ келечекке ишенимдүү кадам шилтеп, Түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган жаратман жаштарды тарбиялап келе жатканын айтып, учурда университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн 10% өз иш мекемесин ачып, ийгиликтүү иштеп жаткандыгын баса белгиледи. Ошондой эле бул жолугушуу бизнес сектору менен бирге иш аракет жүргүзүү жана бири биринен үйрөнүүгѳ жардам берет деди.

Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.


Загрузка плеера...


Түрк ишкерлери КТМУга келди Түрк ишкерлери КТМУга келди Түрк ишкерлери КТМУга келди Түрк ишкерлери КТМУга келди Түрк ишкерлери КТМУга келди Түрк ишкерлери КТМУга келди

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться