БАКУДАГЫ ПОЭТИКАЛЫК САПАР » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

БАКУДАГЫ ПОЭТИКАЛЫК САПАР

"Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы"

Мына ушундай аталышта Азербайжан республикасында жаңы китеп акыркы жарым кылымда биринчи ирет саамалык катары жарык көрдү. 

Китепке 40 жашка чейинки 35 Кыргыз акындын 4 төн ыры Азербайжан тилине которулуп киргизилген. 6 ай ичинде жыйналып, которулуп, басмага берилип жарыкка чыккан антологиянын бет ачары 21-26-июль күндөрү аталган өлкөнүн борбору Баку шаарында өткөн. Атайы чакыруу менен 14 акын катышып кайтышкан. "Жаңы күн" радиодолбоорунун бул күнкү атайы чыгарылышынын коноктору мына ушул Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясынын түзүүчүсү, акын-котормочу Алтынбек Исмаилов жана Бакуга барып келген акындардан Бекболот Сарыбаев, Чолпон Орозалиева болушту. 



Алгачкы бөлүмдө аталган китептин демөөрчүсү, Азербайжан улуттук межлисинин депутаты Жашаншир Фейзиевдин, Азербайжан республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Хидайет Оружовдун жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кайрылуу сөздөрү жазылган. 

Андан соң 40 жашка чейинки 35 акындын 4 төн ыры, кыскача өмүр баяны менен Азербайжан тилине которулуп киргизилген. Китептин соңку бөлүмүндө болсо кыргыз ырларын азербайжан тилине оодарган 18 котормочунун бейнеси орун алган. 

Уктуруунун жүрүшүндө Алтынбек Исмаилов, башкы имараты Баку шаарында жайгашкан "Дүйнөлүк жаш түрк жазуучулар уюмунун" негиздөөчүсү Экбер Кошалы менен 10 жылдан ашуун тааныш экенин, буга чейин аталган уюм Казак, Татар, Өзбек акындарынын дагы ырлар жыйнагын чыгаргарганын көргөнүнөн улам Кошалыга атайы сунуш менен кайрылганын, алар сүйүнүч менен кабыл алып жыйынтыгы эки элдин адабий, маданий катышын бекемдеген китепке айланганын айтып өттү. 

Негизинен Азербайжан тилине ырлар орус жана түрк тилдеринен которулган. Себеби ал жактан кыргыз акындарына мына ушундай талап коюлган. Бул тууралуу антологияны түзүүчүлөрдүн бири Бекболот Сарыбаев баяндады:

"Мен негизи Бакуга "Казак жаштар поэзиясынын антологиясы" жарыкка чыкканда атайы конок катары барып келгем. Ошондо эле катуу таасир алып биздин дагы ырларыбыз ушинтип жарыяланса деп кыялданган элем. Ал күн деле өтө алыс болгон жок. Буюрса  жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшүп олтурабыз. Ырларды акындардан жыйнашууга жардамың керек деп Алтынбек агай айтканда макул болгом. Бирок өз убагында топтоп, котортуп анан Азербайжан тарапка өткөрүп берүү оңойго турган жок",- деди ал өз сөзүндө. 

Ал эми Чолпон Орозалиева болсо Бакудан алган таасирлери, жаңы таанышуулар, Азербайжан элинин адабиятка кылган кылдат мамилеси, чет жердеги расмий жана бейрасмий жолугушуулар тууралуу кеп кылып, эфир учурунда ырларын дагы окуп бергенге жетишти.

Кыргыз делегациясынын башында КРнын Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков барган. 6 күндүк сапардын алкагында төрага Азербайжан Улуттук Жазуучулар Уюмунун башчысы Анар Рызаев менен, ошондой эле Дүйнөлүк Жаш Түрк Жазуучулар Уюмунун төрагасы Интигам Яшар менен эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы маданий, адабий алакаларды чыңдоо, иштешүү максатында 2 меморандумга кол коюп кайткан. 

Эфирге келген коноктор сөзүнүн аягында "Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясынын Кыргызстандагы бет ачары сентябрь айынын аягында Бишкекте өткөрлүүсү пландалып жатат. Албетте Азербайжандан дагы коноктордун келиши күтүлөт",-деп белгилей кетишти. 

Кененирээм маалыматты төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот. 

 

атайы MEDIAMANAS үчүн Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ

БАКУДАГЫ ПОЭТИКАЛЫК САПАР БАКУДАГЫ ПОЭТИКАЛЫК САПАР БАКУДАГЫ ПОЭТИКАЛЫК САПАР БАКУДАГЫ ПОЭТИКАЛЫК САПАР

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться