«Мезгил, инсандар жана окуялар» долбоору таанытылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Мезгил, инсандар жана окуялар» долбоору таанытылды

Проект, проливает свет на новейшуу историю Кыргызстана.



Үстүбүздѳгү жылдын 20-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде“Мезгил, инсандар, окуялар” деген аталыштагы оозеки тарых долбоору таанытылды.

Иш-чара ректораттын жыйындар зыланда ѳтүп, ага университет жетекчилери, Маданият, маалымат жана туризм министринин ѳкүлү, кѳрүнүктүү коомдук жана маданият ишмерлери, долбоордун каармандары болгон белгилүү инсандардын урпактары жана университеттин окутуучулук жамааты катышты.

Иш-чара “Мезгил, инсандар жана окуялар” аталышында документалдуу тасмасынын кѳрсѳтүлүшү менен башталды. Андан соң Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Лайли Үкүбаева аталган долбоордун кыскача мазмунун айтып берди.   

“Ар бир ѳткѳн күнүбүз тарых. Ата-бабалардын басып ѳткѳн жолун, коомубузда болуп ѳткѳн окуялар, алардын инсандарга таасирин билүүгѳ ар бир мекенчил атуул кызыгат. Ал эми ѳтмүштү билүү жана аны муундан – муунга ѳткѳрүп берүүдѳ маалыматтардын сакталып калышы абдан маанилүү. Ушул жагдайды эске алып, 2018-жылдын башында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультети тарабынан “Мезгил, инсандар, окуялар” деген аталышта оозеки тарых долбоору ишке ашырыла баштаган. Бул долбоордун максаты - ар кандай тарыхый мезгилдердин, окуялардын күбѳсү болгон улгайган адамдар менен маек куруп, маалыматтар алып, аларды тасмага тартып, кагаздарга түшүрүп, ал фактыларды келечек муундарга калтыруу.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн романындагы Эдигейдин: Жазылып калган тарыхты эле тарых деп эсептешет, жазылбаган тарыхты кайда алып барабыз”-деген бир философиялык ою бар. Ошондуктан бүгүнкү күндѳ дүйнѳ илиминде окумуштуулар жазылбаган тарыхка абдан маани берип, изилдеп жатышат. Бул долбоордун материалдары да келечекте тарыхты изилдѳѳгѳ пайдалуу болот деген ойдобуз”, -деди.

Эскерте кетсек, доолбордун алкагында Кыргызстандагы кѳрүнүктүү 25 инсан менен маектешүү жүргүзүлгѳн. Алардын арасында эмгектин жана согуштун ардагерлери, тарыхый инсандардын урпактары, кѳрүнүктүү коомдук жана маданият ишмерлери бар. Аталган долбоордун материалдары келечекте китеп болуп жарыяланмакчы жана кийинки жылдары да уланмакчы.

Иш-чара долбоордун каармандарына тасманын дискин тапшыруу жана эстеликке сүрѳткү түшүү менен жыйынтыкталды

 

AA, MEDIAMANAS


Загрузка плеера...


Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события» Представлен проект «Время, люди и события»

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться