Лидер кыздар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Лидер кыздар

7.06.2019 Жаңы –күн программасына “Балдарды коргоо борборунун” өкүлдөрү келишти.



“Конуштарда лидер кыздар”- деген конкурсу тууралуу, аталган борбордун пиар адиси Назгүл Дөөлөткелдиева жана  жеңүүчү  Карылгач Мадынова маек курду.

Өздөрү жашаган конуштардагы социалдык көйгөлөрдү чечүүгө багытталган долбоордун алтысы тандалып алынып ишке ашыруулуда. “Чоңдор балдардын үнүн угушпайт, эгер угушса жашоо жеңил болмок.”- дейт Карылгач. “Биздин мектептин алдындагы аялдама толук салынбай калган, албетте биз үчүн бул көйгөй же отургучу жок же чатыры, ошондой эле мектеп айланасында эс алып отуруучу орундуктар жок, эрте барып же бирөөнү күтүп калсаң ыңгайсыз менин долбоорума ушуларды жаздым.”-  деди Мадынова.

“Балдарга көңүл буруп коомдун толук кандуу жараны кылышыбыз керек. Укуктарын үйрөтүшүбүз керек. Биз конуштардагы жеткинчектер менен иштешүүнү улантып жаңы долбоорлоду ишке ашырабыз.”- деди Н.Дөөлөткелдиева

Аталган маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.


Загрузка плеера...


Лидер кыздар Лидер кыздар Лидер кыздар

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться