Адабияттагы айымдардын орду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Адабияттагы айымдардын орду

4-апрелде “Манас”университетинде илимдин доктору,профессор Лайли Үкүбаеванын жарык көргөн жаңы китептеринин бет ачаары  өтөт.



“Ракурс” уктуруусунун студиядагы коноктору КТМУ гуманитардык факультетинин деканы, илимдин доктору, профессор Лайли Үкүбаева жана илимдин доктору, профессор доктор Бурул Сагынбаева.

 

Профессор доктор Бурул Сагынбаева уктуруунун жүрүшүндө алдыда апрель айынын башында өтүүчү профессор Лайли Үкүбаеванын жарык көргөн жаңы китептеринин бет ачаары тууралуу айтып берди.

Окумуштуу, профессор Лайли Үкүбаеванын уктуруунун жүрүшүндө аялзатынын илим, адабияттагы орду айрыкча экенин белгилеп, радиоугармандарыбыздын бир канча суроолоруна жооп берди. Төмөндө “ Ракурс” уктуруусуна толугу менен ортоктош боло аласыз:

 

Үкүбаева Лайли - адабиятчы, окумуштуу, педагог. Кочкор районунун Ак-Жар айылында 1948-жылы 23-сентябрда туулган. Ак-Жар сегиз жылдык мектебин, В.И.Ленин атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1970-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

2006-жылдын сентябрь айынан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология бөлүмүнүн профессору, 2011-жылдан бери гуманитардык факультетинин деканы болуп иштеп келет.

1980-жылы Уфа университетинде «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында мүнөз түзүү өзгөчөлүгү» деген темада кандидаттык, 2001-жылы «Чыңгыз Айтматов жана кыргыз элдик фольклору» деген темада докторлук диссертацияларын жактаган. 2001-жылы профессор наамы берилген.

1994-жылы Эл аралык Айтматов академиясынын академиги, 2003-жылы Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты болгон.

1990-жылдан Эл аралык Айтматов клубунун, 1993-жылдан Кыргыз Республика-сынын Журналисттер союзунун, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2010-жылы КР илимжана техника жаатындагы К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

 

 


Загрузка плеера...


Адабияттагы  айымдардын орду  Адабияттагы  айымдардын орду  Адабияттагы  айымдардын орду

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться