Мугалимдер ыраазычылык каты менен сыйланышты » MEDIAMANAS.KG
Bişkek www booked net
+10°C

Мугалимдер ыраазычылык каты менен сыйланышты



Мугалимдер министрдин ыраазычылык каты менен сыйланышты.

ЖакындаКРнын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваэл аралык олимпиадалардын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн, окуучуларды даярдаган мугалимдерди жана Кыргызстанды эл аралык олимпиадаларда көрсөткөн командалардын машыктыруучуларын сыйлады.

2013-жылдан бери мектеп окуучуларын республикалык жана дүйнөлүк олимпиадаларга даярдап, жакшы ийгиликтерге жетишкендиктери үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары да,биологиябөлүмүнүн доценти Гүлбүбү Курманбекова, доц. Кадырбай Чекиров жанаинженерия факультетинин химия инженериясыбөлүмүнүн доценти Калипа Салиева, доц. Бакыт Боркоев Билим берүү жана илим министринин ыраазычылык каты менен сыйлынышты.

КТМУнун жамааты өз кесиптештерин сыйлыгы менен куттуктайт жана университеттин атынан коомго кошкон салымдары арта беришин каалайт.

Мугалимдер ыраазычылык каты менен сыйланышты

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться