Аскер институту менен кызматташууга кол коюлду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Аскер институту менен кызматташууга кол коюлду

КТМУ менен Аскер институту ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.



2019-жылдын 24-январында КТМУ менен К.Усенбеков атындагы КР Куралдуу Күчтѳрүнүн Аскер институту ортосунда фундаменттик илимдер, заманбап технологиялар жана англис тили чѳйрѳсүндѳ аскер кадрларын окутуу боюнча кызматташууга кол коюлду.

Иш-чара ректоратта ѳтүп, ага университет жетекчилери, Аскер институтунун ѳкүлдѳрү жана университеттин мугалимдери катышты.

Жогорку окуу жайлар ортосундагы аскер кадрларын окутуу боюнча келишимдин алкагында КТМУ жана КР КК АИ базасында фундаменталдык илимдер, заманбап технологиялар жана англис тили чѳйрѳсүндѳ аскер кадрларын окутуу боюнча семинарларды, конференцияларды жана форумдарды биргелешип уюштуруу, билимди ѳркүндѳтүү алкагында тараптар бири-бирине усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү каралган.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана КР Куралдуу Күчтѳрүнүн Аскер институнун башчысынын окуу жана илимий иштери брюнча орун басары, полковник Бекказы Түмѳнбаев эки тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Андан соң куттуктоо сѳздѳрү айтылды жана университеттин жетекчилери конокторго окуу жайдын атынан чакан белек тапшырды.


Загрузка плеера...


Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве Подписан протокол с Военным институтом о сотрудничестве

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться