15.01.2019 «Жаны күн» программасында эзелкинин зергер уста Данияр Анарбек уулу конокто болду.
Программанын жүрүшүндө зер буюмдарды жазоо ыкмасын, жол- жоболорун айтып, алгач шырдакка оюу тушуруп, кийинчерээк зер буюмдарга өзгөчө дизайн жана турдуу оймо-чиймелерди ойлоп таап, жаштардын табитине ылайыктап жазаганын айтып өттү.Зергер жеке буйрутмаларды алып, бирин экинчисине окшоштурбай, унутта калып бара жаткан оймолорду, өзгөчө дизайн менен жазаганга аракет кылат.
Жаш зергердин негизги максаты кыргыз колоритин унутпоо жана аны жайылтуу.
Аталган маекти толугу менен алдыдагы шилтемден көрө аласыз.
Нэлли Жумабек кызы