Профессор Ибраимовго мамлекет башчыдан куттуктоо » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Профессор Ибраимовго мамлекет башчыдан куттуктоо



Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чыгыш тилдер бѳлүмүнүн башчысы, профессор Осмонакун Ибраимовду 65 жаш кутман курагы менен куттуктады.

Президенттин куттуктоо катын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана Президенттин кеңешчиси Султан Раев тапшырышты. Жолугушууда Досалы Эсеналиев Президенттин куттуктоо катын окуп, профессор Осмонакун Ибраимовго тебетей менен улуттук стилдеги чапан кийгизди.

Жолугушуу 9-январь күнү ректоратта ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, окуу иштери боюнча проректор, профессор Анварбек Мокеев, гуманитардык факультетинин деканы жана бѳлүм башчылары катышты.

Президент куттуктоо катында профессор Осмонакун Ибраимовдун бир топ жооптуу жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген эмгегин жана ѳлкѳнүн тышкы саясатына кошкон салымын баалап, агартуучулук ишмердүүлүгүнѳ ийгилик каалаган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо каты тѳмѳндѳ берилди.


Загрузка плеера...


Глава Государства поздравил профессора Ибраимова Глава Государства поздравил профессора Ибраимова Глава Государства поздравил профессора Ибраимова Глава Государства поздравил профессора Ибраимова Глава Государства поздравил профессора Ибраимова Глава Государства поздравил профессора Ибраимова Глава Государства поздравил профессора Ибраимова Глава Государства поздравил профессора Ибраимова

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться