Келечек колубузда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Келечек колубузда

КТМУнун студенти, Манас радиосунун алып баруучусу Э.Байкулов республикалык сынакта ийгилике жетишти.



2018-жылдын 22-декабрында КР Жогорку кеӊешинин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовнанын демилгеси менен уюштурулган «Идеология менен көз карашым боюнча» аталышындагы долбоорлордун республикалык сынагы жыйынтыкталып, аталган сынакка катышкан, КТМУ Гуманитардык факультетинин,  Котормочулук бөлүмүндөгү Кыргызча-Түркчө котормо программасында билим алып жаткан 4-курстун студенти, Эржан Байкулов 3-оруга ээ болуп, атайын диплом жана смартфон менен сыйланды.

«Идеология менен көз карашым боюнча» долбооруна 200 долбоор сунушталган. Алардын арасынан 11 долбоор гана финалга чыккан.

Эскерте кетсек, Эржан Байкулов даярдоо курсунан бери Манас радиосунда алып баруучу. Эржанды жеңиши менен куттуктайбыз.

Успех студента КТМУ Успех студента КТМУ Успех студента КТМУ

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться