II Түрк Тасмалар Жумалыгы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

II Түрк Тасмалар Жумалыгы

“II Түрк Тасмалар Жумалыгынын» алкагында Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү акыркы жылдары түрк кинорежиссёрлор тарабынан тартылган 5 тасманыакысыз көрө алышат.



Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте 2018-жылдын 26-30 июнь күндөрү Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министирлигинин салымы жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен Түркиянын «Жергиликтуу ой пикир коому»  «IIТүрк Тасмалар Жумалыгы»өткөрөт.

“IIТүрк Тасмалар Жумалыгынын» алкагында Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү акыркы жылдары түрк кинорежиссёрлор тарабынан тартылган 5 тасманыакысыз көрө алышат.Мындан тышкары, аталган иш-чаранын алкагында режиссерлор жана актёрлор менен көрүүчүлөрдун жолугушуусу өтөт.

Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана талкуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын кинематографчылары менен бирге Түркия режиссерлору, актёрлору жана продюсерлеринин жолугушуусу өтөт.

Көрсөтүлө турган кинотасмалар:

  1. «Кызыл жолук жалжалым»
  2. «Үй-бүло арасында»
  3. «Сыя көк горизонт»
  4. «Мазарчы»
  5. «Тоо-2»

Катышуучулар:

  1. Осман Сынав (башкы режиссер)
  2. Өнер Кылыч (IIТүрк Тасмалар Жумалыгынынбашкы координатору, режиссёр)
  3. Олгун Өздемир (режиссёр)
  4. Бурак Демир («Тирилген Эртугрул» тасмасынын актёру)
  5. Али Башер («Тирилген Эртугрул» тасмасынын актёру)
  6. Сезгин Эздемир («Тирилген Эртугрул» тасмасынын актрисасы)
  7. Ахмет Эдебали (продюсер – «Фияп» башкы катчысы)
  8. Мурат Өзтекин (журналист – «Маданият жана искусство» түрк гезитинин редактору)
  9. Бикем Озгуч (жазуучу)
  10. Корай Тумай (журналист - «Жергиликтуу ой пикир коому» журналынын редактору)

КЫРГЫЗСТАНДА ӨТКӨРҮЛӨ ТУРГАН «IIТҮРК ТАСМАЛАР ЖУМАЛЫГЫНЫН» ПРОГРАММАСЫ

26-июнь – шейшемби

12.30 маалымат жыйыны - Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги

19.00 гала-коктейль - «Манас» кинотеатры

19.30 ачылыш сөзү

20.00 «Кызыл жолук жалжалым» кинотасмасын көрсөтүү

21.30кинотасма көрсөтүлгөн соң плакеттерди тапшыруу жана «Тирилген Эртугрул» тасмасынын актёрлору менен маек

27-июнь - шаршемби

15.00биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнчаКыргызстандын Кинематографчылар Бирикмеси менен жолугушуу

17.00«Үй-бүлөарасында» кинотасмасын көрсөтүү
19.30 «Сыя көк горизонт» кинотасмасын көрсөтүүжана тасма тууралуу режиссёр Олгун Өздемир менен маек

28-июнь – бейшемби

15.00«Кыргызфильмдин» кинотартуу аянчаларына баруу жана  биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушуу

17.00 «Сыя көк горизонт» кинотасмасын көрсөтүү

19.30 «Үй-бүло арасында» кинотасмасын көрсөтүү

29-июнь – жума

17.00 «Мазарчы» кинотасмасын көрсөтүү

19.30 «Тоо-2» кинотасмасын көрсөтүү

30-июнь - ишемби

17.00 «Тоо-2» кинотасмасын көрсөтүү
19.30 «Мазарчы» кинотасмасын көрсөтүү

II-я неделя турецких фильмов в Кыргызстане II-я неделя турецких фильмов в Кыргызстане

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться