“Инсандык өнүгүү”-бул жүрөктөрдүн ачкычы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Инсандык өнүгүү”-бул жүрөктөрдүн ачкычы

“Бул кечте” программасынын 24-майдагы чыгарылышында “Инсандык өнүгүү” клубунун мүчөлөрү: Өткүрбек Эркаев жана Чынара Мырзаева кызыктуу маек тартуулашты.



Клубтун мүчөлөрү 1 саат бою эфирде “Инсандык өнүгүү”клубу жөнүндө,клубтун аткарган  иштери,аткара турчу иштери жана максаттары тууралуу кененирээк сөз кылып беришти.

“ “Инсандык өнүгүү” клубу 2013-жылы 5-майда Аязбек Атамкулов тарабынан түзүлгөн. Учурда 4 университетте филиалы бар.Клубта көп сандагы студенттер эмгектенет.Мүчө болуп катталам деген активисттер кастинг аркылуу кабыл алынат.Бул жылы кастингге 100 студент келип,тандоодон 60студент өтүштү.Катышуучуларды атайын түзүлгөн коммиссия өз элегинен өткөрөт. Суроолор берилет жана жөндөмдүүлүктөрүнө карата алынат”

Клубтун мүчөсү Чынара айым төмөнкүлөрдү айтып берди.“Мен учурда Кыргыз-Түрк Манас Университетинин даярдоо бөлүмүндө окуйм.Кийинки жылы Коммуникация факультетинде билим алам деп турам.Клубка келгениме 1 жылдын жүзү болду.Кастинг аркылуу келгем.Негизинен клубта 5 бөлүм бар.Мен “Таланттуулар”бөлүмүндөмүн.Өзүм ыр жазам.Клуб өз ичине таланттуу студенттерди да камтыйт.Мен ыр жазганым үчүн өткөм.”Таланттуулар” бөлүмү кайрымдуулук иштерине катышып турабыз.Ар кандай кызыктуу концерттерди уюштурабыз. Ал эми “Кайрымдуук” бөлүмү менен биргеликте бул жылы кыш мезгили учурунда шаарыбыздын таза болуусуна себеп болгон жумушчу эже-байкелерибизге “Жылуулук” акциясын уюштурдук. Аларга ысык чайларыбызды жана жылуу сөздөрүбүздү берип кайттык.”

Өткүрбек мырза да буларды кошумчалап өттү.”Учурда менеджмент бөлүмүнүн 1-курсунун студентимин.Клубка эжем аркылуу келип калгам.Иштегениме көп убакыт болду.Ал аралыктарда көптөгөн семинарларды уюштурдук.Бул жылы аткарган иштерибиздин эң маанилүүсү болуп бул “Үмүт”балдар үйүнө барганыбыз болду. Кайрымдуулук кылсан көңүлүн көтөрүлөт эмеспи.Биздин клуб кайрымдуулук иштердин башында турат.Учурда толук кандуу демөөрчүлөрүбүз жок.”Шанс”китеп дүкөнү жана “Ыйман” фонду көп иш чараларда жардам берип турушат.

Эфирде Чынара айым өзүнүн”Бир тууган”деген ырын көркөм окуп берди.Аягында эркин микрафон сунулган учурда да күйөрмандардын суранычы боюнча “Мекенди сүйчү”ырын окуду.Алар радибузга тунук эфир каалап,элибизде жакшылыктар көп болуп жана тынчиык болуусун каалашы менен “Бул кечте”рубрикасы соңуна келип жетти.


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться