Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу.

«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕЛЕРАДИОКОМПАНИЯЛАРЫ ЖАНА ТЕАТРЛАРЫ ТАРАБЫНАН МУЗЫКАЛЫК ЖАНА ДРАМАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРДЫ КОЛДОНУУСУ. ОТЧЕТТОРДУН ТАКТЫГЫ»

 

Так ушундай аталышта КРнын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жана "Б.Бейшеналиева" атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университети тарабынан тегерек стол өткөрүлдү.

 

Аталган жыйналышка Бишкектеги телерадиокомпаниянын өкүлдөрү, мултимедиа кызмат көрсөтүү адистери, КРнын Жогорку Кеңешинен жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен атайы чакырылган коноктор катышышты.



2 саатка пландалган тегерек столду

КРнын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы Динара Молдошева жана  "Б.Бейшеналиева" атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетнин ректору Мамашарип Чотоновдор сүйлөп  ачып беришти. 

Андан соң атайы дайындалышкан адистер тегерек столдун катышуучулары өз докладдарын окуп беришти.

 

Атап айтсак:

1. КыргызПатенттин автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыскүл Турсуналиеванын: "Кыргыз Республикасында автордук укук жана чектеш уктук объектилеринин укуктук жактан корголуусу" темасы;

 

2. КыргызПатенттин инспектирлөө башкармалыгынын башчысы Аскар Нажимудиновдун "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АВТОРЛОРДУН ЖАНА УКУК ЭЭЛЕРИНИН УКУКТАРЫН ЖАМААТТЫК БАШКАРУУ" темасы;

 

3. КыргызПатенттин автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын сектор башчысы Жыпаргүл Садыкованын "Телерадиокомпаниялардын отчетторунун тактыгы жана автордук сый акылардын туура бөлүнүшү" темасы;

 

4. "ТМС" мониторинг компаниясынын башка директору Руслан Асанбековдун"ТМС мониторинг компаниясынын ишмердүүлүгү" темасы жаңырды.

 

Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары тарабынан доклад ээлерине суроолор узатылып, жооптор алынып, кызуу талкуу жүрүп анан КРнын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан даярдалган тегерек столдун атайы резолюциясы кабыл алынды.

Аны менен бир катар КыргызПатентке квартал сайын отчет берип жаткан телерадиокомпанияларды адамдык факторлорго таянбастан, так жана туура маалыматтарды берүүгө же колдон келсе автоматташтырылган системага өтүүгө чакырды.

        

                                                                                                          кабарчы: Жылдызбек Турсунбаев

Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу. Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу. Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу. Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу. Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу. Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу. Тегерек стол: КРнын театр жана телерадиокомпаниялары тарабынан музыкалык жана драмалык чыгармалардын колдонулушу.

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться